Быйыл кыш кандай болот. Синоптиктердин божомолу

Жазылуу
Кыргызгидрометтен маалымдашкандай, декабрда күн 15 градуска чейин суук болот

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кыргызгидрометтин метеорологиялык божомолдоо бөлүмүнүн башчысы Махбуба Касымова быйыл кышта кандай аба ырайы күтүлүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Декабарга карата божомол

Чүй облусунда орточо температура 0…-2 градус суук болсо, Кемин өрөөнүндө —3…-5 градуска чейин суук болот.

Газпром Кыргызстан предлагает увеличить тариф для населения - Sputnik Кыргызстан
Ноябрь айына карата газдын баасы аныкталды
Түндө абанын температурасы 0…-5тен —8…-13гө чейин төмөндөсө, күндүз —2…+3төн +5…+10 градуска чейин жылыйт. Айрым күндөрү күндүн табы 15 градуска чейин көтөрүлүшү ыктымал.

Талас өрөөнүндө декабрда аба ырайынын орточо температурасы —2…-4 градуска чейин суук болот. Түнкүсүн —2…-7ден —10…-15 градуска чейин жетет. Ал эми күндүз 0…-5тен +3…+8ге чейин көтөрүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын орточо температурасы 0…2 жылуу болсо, тоолуу аймактарда 0…-2ге чейин суук болот. Декабрь ичи абанын орточо температурасы түндө —1…-6 градус сууктан, 0…+5ге чейин жылуу болот. Күндүз күндүн табы 2 градустан 13 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

Ысык-Көлдүн дыйканчылык аймактарында абанын орточо температурасы 0…-2 градуска чейин жетиши ыктымал. Айрым ойдуңдарда —3…-5 градус суук болот. Түндө —2…-7 градус суук болсо, күндүз 0…5 градус жылуу болушу күтүлөт.

Нарын облусунда абанын орточо температурасы 11…13 градус суук болот. Түндө 3 градустан 14 градуска чейин төмөндөсө, күндүз 5 градустан 13 градуска чейин суук болот. Айдын экинчи жарымында түндө 20…25 градус суук болсо, күндүз 11…16 градуска чейин төмөндөйт.

Кыргызгидрометтен маалымдашкандай, методология менен атайын адистердин жоктугунан аба ырайынын сезондук божомолу чыгарылбайт. Андыктан кыштын үч айынын божомолу дүйнөлүк божомолдоо борборлорунун маалыматтарынын негизинде түзүлгөн.

Кар учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жума ортолоп кар жаайт. ӨКМдин апта аягына чейинки божомолу
Алдын ала маалымат боюнча 2018-жылдын январь айында Кыргызстанда абанын температурасы нормадан жогору болот. Бул божомол 70-80 пайызга туура келет.

Январда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында абанын температурасы —1…-6 градус болсо, Нарын облусунда —10…-15, тоолуу аймактарда —20…-25 градус суук болот.

Февралда аба ырайынын божомолу 60 пайызга туура келет.

Өлкөнүн дыйканчылык аймактарында 1…5 градус жылуу болсо, пахта талааларында 6…8 градуска жылыйт. Ал эми Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында —2…+3 градус болот. Ал эми тоолуу жана бийик тоолуу аймактарда —5 градустан —15 градуска чейин суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0