Жогорку билимдүү:
1999-жылы АКШнын Айова штатындагы Graceland College окуу жайынан экономика адистиги боюнча билим алган;
2001-2002-жылдары Кыргызстандагы ЖОЖдордо экономикалык билим берүүнүн сапатын көтөрүү боюнча АКШнын эл аралык долбоорунда ар кайсы кызматтарда иштеген;
2003-2004-жылдары ошол эле долбоордун Кыргызстандагы кеңсесин жетектеп, анын программасынан 120дан ашык мугалим өткөн;
2004-жылы Нью-Йорктогу Колумбия университетинин магистратура бөлүмүнөн окуп, Дүйнөлүк банктан тажрыйба алган. Андан кийин Вашингтондогу Эл аралык валюта фондусунун департаментинде кенже илимий кызматкер катары иштей баштаган;
2012-жылдан бери ошол эле департаментте экономист катары эмгектенген;
Фискалдык саясаттын экономикалык өсүшкө тийгизген таасири тууралуу изилдөөлөрү үчүн Эл аралык валюта фондусунун сыйлыгына ээ болгон.
9-ноябрь күнү Мурад Омоевди өкмөт башчынын кеңешчиси кылып дайындоо боюнча токтомго кол коюлду.