Батырканова: жыныстык жол менен жуккан ооруну убагында дарылабаса ракка алып келет
Жыныстык жол менен жуккан ооруларды убагында дарылабаса ракка алып келе тургандыгын дарыгер Чынара Батырканова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жыныстык ооруларга көңүл бурбай койгон такыр туура эмес.
"Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар бар. Эгерде аларды өз убагында дарылабаса ар кандай шишик ооруларына алып келет. Андыктан ал оорулага көңүл бурбай койгон жарабайт. Жылына эки жолу сөзсүз түрдө дарыгерлердин кароосунан өтүп туруу керек ", — деди Батырканова.
Ал өз убагында жатын моюнчасынын рагын дарылабаса шишик башка мүчөлөргө да тарап кетерин кошумчалады.