БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Бирлик айылына жакын жерде чагылган тийип 17 жаштагы бала каза тапканын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, каргаша 7-ноябрь күнү болжол менен саат 22.00дөрдө талаа жеринде болгон.
Чагылгандын кесепетинен бир жылкынын да өлгөнү айтылууда.