БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. 9-ноябрь күнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөй турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Чүй менен Таласта күндүн табы 12…17 градуска чейин көтөрүлөт. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында 14…19 градус жылуу болушу күтүлүп жатат. Ысык-Көлдө 9…14, ал эми Нарында 7…12 градус жылуу болот.
Бишкекте аба температурасы 15…17 градуска чейин жетсе, Ош шаарында күн 16…18 градуска чейин жылыйт.