БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Улан Саляновдун өлтүрүлүшү боюнча кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгонун Чүй облустук милициясы билдирди.
Учурда ыкчам топ окуя болгон жерге чыгып кетти. Тергөө экспертизалары жүрүп жатат.
"Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) беренеси боюнча кылмыш иши козголду", — деп айтышты милициядан.
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду 6-ноябрга караган түнү өз үйүнөн атып кетишкен. Алган жараатынан 42 жаштагы Салянов каза тапкан.