00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Штрафы, онлайн и новые продукты: как изменился страховой рынок КР за год
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын аскердик билим берүү системасы: бүгүнкү абал жана өнүгүү багыттары
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Туяк
Окумуштуу, дарыгер, академик: Санжарбек Данияровдун ишмердиги
17:07
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук психология — машыктыруучу менен спортчунун мамилеси кандай болушу керек?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ысымын эки жолу өзгөрткөн Алина Жетигенова тууралуу 7 факты

© Фото / предоставлено Алиной ЖетигеновойПевица Алина Жетигенова
Певица Алина Жетигенова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кыргыз эстрадасынын улуу муундагы өкүлү, калың журтка "Кыздын сыры", "Арген", "Ал мен эмес", "Жаз", "Апама кат", "Дасторкон" ырларын аткарып таанылган ырчы Алина Жетигенова 53 жашка толду.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги КРдин Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова тууралуу 7 факты сунуштайт.

1. Таластык кыз ай… Алина Жетигенова 1964-жылы 6-ноябрда Талас районундагы Арал айылында төрөлгөн. Апасы 17 жашында төрөп, ал кезде Гүлнара деген ысым берген. Бирок чоң апасы Гүлжакан тун небересин колуна алганда Алмакан деген ысым ыйгарган. Ырчы алты бир туугандын улуусу.

Жених и невеста играют в национальную игру Кыз куумай - Sputnik Кыргызстан
"Делбирим" повести жөнүндө 11 факты. Асел - эки жигиттин кызыл жоолук жалжалы эле
2. Ырчы чоң ата, чоң энесинин колунда өскөн. Эрке чоңойгонун маектердин көбүндө айтып келет. 6-классында Бишкекке келип, №5 мектепте окуп калат. Ошол маалда эле комуз менен ырдап, күү чертип, баянда ойногонду үйрөнгөн. Мектеп курагында эле "Роза", "Талас" топторунда ырдаганга жетишет.

3. Студенттик куракта түптөлгөн чыгармачылык. 1982-жылы атасы Ишенаалы Арабаев атындагы кыз-келиндер институтуна тапшыртып койгон. Атасы айылга кетээри менен документтерин алып филармониянын алдындагы эки жылдык студияга тапшырып алган. Улукмырза Полотов, Асылбек Рысалиев деген залкар адамдардын колунда тарбияланып калат. Студент кезинде "Жетиген", "Ариэт", "Таазим" тобунда ырдаган. Топ менен Ташкентке барып 1-орунду, Москвадан 3-орунду алып келген. Ошол маалда "Дасторкон", "Апама кат" ырлары популярдуу болду. "Ысык-Көл-1988" сынагында баш байгени жеңип алган. "Юрмала-1989" жаш таланттар сынагына катышкан.

4. Ысымын ким өзгөрткөн? Студенттик убакта жатаканада чогуу жашаган Айнура аттуу кыз ырчынын Алмакан атын Алина деп өзгөрткөн.

Публикация от ALINA (@ajetigenova) Сен 19 2017 в 12:45 PDT

5. Кыргыз эстрадасынын улуу муунуна ат салышкан кез. 1991-жылы Тарас Асанакуновдун уюштуруусу менен "Роза гүлү" деген эстрадалык топ ачылып, Расул Маматкулов, Айчүрөк Иманалиева, Динара Акулова, Алина Жетигеновалар алынган. Сөзү Асан Жакшылыковго, обону Тарас Асанакуновго таандык "Кыздын сыры" деген ыры ошондо жазылып, ырчыны ийгиликтин дагы бир тепкичине өйдөлөттү. Бир аз иштегенден кийин топ жабылып, курамдагы ар бир өнөрпоз өз ысымдарынан топ ачышкан. Дал ушул жылдар ырчы үчүн жемиштүү убак болгон.

Кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчысы, КРдин Эл артисти Гүлнур Сатылганованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Гүлнур эмес Күннур Сатылганова тууралуу 12 факты
. Көп кырдуу талант. Ырчы болбосо чачтарач болсо керек. Анткени бала кезинен бери чач жасалгалоого шыгым бар дейт. Жаш кезинде өзүнөн кийинки сиңделеринин чачтарын каалагандай кыркып салганын көп эстейт. Кийим токуган жагын катырат. Балдарына жылуу, кооз кылып кийимдерди токуп берет. Андан тышкары, шырдак шырыганды, сайма сайганды, ар нерседен жаздык жасаганды жакшы билет. Аялзаты катары тамактарды даамдуу жасай алат, өзгөчө Таластын гүлчөтайынын майын чыгарат.

7. Жолдошу Эржан — кесиби боюнча юрист. Жубайлар үч баланын ата-энеси. 1984-жылы уулу Азиз, 1988-жылы кызы Азеля, 1994-жылы уулу Алтынбек төрөлгөн. Үч неберенин таенеси.

Жаңылыктар түрмөгү
0