Нарын театры 80 жылдык мааракесин белгилейт

© Фото / Центральный Госархив КРМуратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук драма театры. Архив
Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук драма театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын театры 1937-жылы түзүлүп, азыркы имаратка 1977-жылы көчүрүлгөн

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук драма театры 80 жылдык мааракесин белгилегени турат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына театр директору Темирлан Сманбеков билдирди.

"Иш-чараны утурлай театрдын имараты капиталдык ондоодон өттү. 545 орундуу залга жаңы отургучтар коюлууда. Аны менен катар чыгармачыл жамаат дагы тажырыйбалуу кадрлар менен толукталды", — деди Сманбеков.

Кыргыз Эл артисти, комузчу Нурак Абдрахмановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Залкар комузчу Нурак Абдрахмановдун 70 жылдыгына арналган концерт өтөт
Эскерте кетсек, былтыркы тарых жана маданият жылына карата өлкө президенти театрга деп 35 миллион сом бөлгөн.

Нарын театры 1937-жылы түзүлүп, азыркы имаратка 1977-жылы көчүрүлгөн.

Директордун айтымында, эскилиги жеткен имаратка 40 жылдан бери биринчи ирет ремонт жасалды. Ошондой эле ал чыгармачылык репертуар дагы жакшыртып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0