Шайлоо күнү БШКнын серверине 26 мамлекеттен чабуул жасалган

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүВирус-вымогатель атаковал IT-системы компаний в разных странах
Вирус-вымогатель атаковал IT-системы компаний в разных странах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хакердик чабуул боюнча тиешелүү органдар анализ жүргүзүп жатат

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Президенттик шайлоо күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматтык серверине 80 миңден ашуун хакердик чабуул жасалды. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, чабуул 26 мамлекеттен жасалганы аныкталган.

"15-октябрь күнү эртең мененки саат 9.05те бир эле учурда 18 358 чабуул болду. Бирок биздин система бардыгына туруштук бере алды. Учурда тиешелүү органдар анализ жүргүзүп жатышат", — деди Шайлдабекова.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында Кыргызстанда президенттик шайлоо болуп өттү. Анын расмий жыйынтыгы бүгүн, 30-октябрда чыгып, жеңишке Сооронбай Жээнбеков 54,22 пайыз добуш менен жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0