БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев 30-октябрдан тарта кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Өргүү маалында президент Кыргызстандын 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү долбоорунун акыркы вариантынын үстүндө иштейт", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү 1-декабрь күнү аягына чыгат.