БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүндө иштеген эки кызматкерге "милициянын генерал-майору" жана бирөөнө "генерал-майор" жогорку наамын ыйгаруу боюнча Жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев

Ички иштер министри Улан Исраилов

Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев
Ички иштер министри Улан Исраилов
Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров
Жарлыкка ылайык, "генерал-майор" жогорку наамы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевге, "милициянын генерал-майору" наамы Ички иштер министри Улан Исраиловго жана анын орун басары Данияр Абдыкаровго ыйгарылган.
