Кыргызстанда врач-криминалист деген адистик жок экен. Биздин өлкөдө кылмышкердин акыл саламаттыгынын чыңдыгын аныктаган доктурлар тек гана психиатрлар деп аталат. Бирок андан алардын ишинин кызыгы кемип калбайт.
— Азыркы күндөгү абал менен эгемендүүлүккө чейинки көрүнүштөрдө айырма барбы?
— Мурда акыл-эс дартынан азап чеккендер кылмышка азыраак барышчу. Алдаганча аз эле! Мамлекет аларды өз канатына калкалачу. Азыр алар өздөрүнө өздөрү кам көрүүгө мажбур. Тажрыйбамда бир учур болгон – жаран көп суммадагы насыя алып, төлөй албай калат. Аны сотко беришет, ошондо гана карызкордун акыл-эси жайында эмес экендиги анык болот.
— Акыл саламаттыгы чың болбогондор менен иш алып баруудан чочулабайсызбы?
Чындыгында коомдо акыл-эс дартына кабылгандардын баары сөзсүз түрдө кылмышкер деген пикир жашап калган. Алар деле башкалар сымал мыйзам бузушат. Болгону менин бейтаптарым зордуктоо, киши өлтүрүү сыяктуу оор кылмышка барышат: Ошол себептен алар коомду дүрбөлөңгө салат.
— Педофилдердей эч бир нерсе ызы-чуу жаратпаса керек. Балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдү дарга асуу же бычууга чакырыктар көп айтылат. Сиз андайга макулсузбу?
— Мындай кылмышка аягы суюктугунан, бузулгандыгынан барган адамдарды өзүнчө бөлүп карайлы. Алар сопсоо, акыл-эси жайында. Кандай жазаланышы керектигин мен чече албайм.
Башка бир тарабы бар. Айрым адамдар өз сексуалдуулугун аңдап калган маалда бир окуяга кабылып, алар балдарга кызыга баштайт. Балким, ал киши өз курдаштары тарабынан четке кагылып, көңүлү каршылык көрсөтүүгө күчү жок балдарга бурулат.
Мындайлар алардын кылыгы кылмыш экенин аңдап-билет, айыбын сезип жашайт. Андай адамдар бычууга эмес, дарыланууга муктаж. Алардын эмоционалдык абалын турукташтырып турган дары-дармектер бар. Биз ушундай адамдар менен иш алып барабыз, алардын акыл саламаттыгы бузулушунун алдын алабыз. Коомчулукка көп байкалбаганы менен каттоодо тургандар менен абдан кызуу иш жүрөт.
— Тасмаларда кылмышкерлер жаза албоо үчүн акылынан айныган адам болуп арамзаланышат эмеспи. Турмушта андайлар болобу?
— Жакында киши өлтүргөн бир кылмышкерди экспертизадан өткөрдүк. Ал бир жерден окуп, угуп алган өңдөнөт, акыл-эси соо эмес кишидей көрүнгүсү келди. Бирок биз – доктурлар андайдын айыбын дароо эле ачабыз.
Кытмырланган кишини оңой эле таанууга болот: жакшы тааныган адамыңдын ордун башка бирөө ээлөөгө аракет кылгандай сезилет. Иштин ыгын билбеген кишиге чыныгы бейтаптын жүрүш-турушу да анткорлонуп, шылдыңдап жаткандай көрүнүшү мүмкүн. Маселен, маңдайыңыздагы адам өз ысымын унутат же кулагы кайсы жерде экенин көрсөтө албайт. Бул акыл дартынын белгилери.
— Маньяктар менен бет келишкен белеңиз?
— Кылмыш кылууда акылы жайында жана акыл дарты бар адамдардын айырмасы барбы?
— Өз кадамдарына эсеп бере алган акылы соо адам кишини өлтүргүчө жаралайт. Аң-сезими жабыркаган адам курмандыгы эбак каршылык көрсөтпөй калган убакта деле оор залал келтире берет. Эч түшүнүксүз толтура жоруктарды жасайт.
Кээде адамдын эмне кылганы да эсинде калбайт. Анан ага "өз апаңызды өлтүрдүңүз" деп кабарлашат. Бул ага аябагандай чоң стресс болот.
— Эркектер менен аялдардын киши өлтүрүшүндө айырмачылык болобу?
Эркектер киши өлтүрүүгө көбүнесе көчөдө барышат, маселен, мушташ маалында же уурулук кылганда. Алар бир урганда эле курмандыгын башка дүйнөгө узатып коюшу ыктымал. Аялдардын күчү жетпегендиктен, сырттан абдан аеосуз көрүнгөнү менен өтө терең эмес жаралашат.
— Кызыктуу учурлардан бөлүшсөңүз…
— Кызыктуу дей турган учурлар тажрыйбамда аз. Бирок бир бейтабым бар эле. Ичине жылан кирип кеткен деп ойлочу. Эч кимге көрсөтпөй кайырмактын ийнесине эт сайып алып, ичинде соймоңдогон жандык ага илинип, организминен чыгып кетсин деп жута берген.
Ал кезде жашыраак, баео болчумун. Керээли-кечке айтып, ичинде жылан жашап кете албасына ынандыра алсам, ал түшүнчүдөй туюлган. Бир күнү эле: "аябай жаңылган экенмин" деди. Аракетимден майнап чыккан экен деп сүйүнө баштасам, ал: "ийнеге эт сайчумун, ага кемирчек илишим керек болчу тура. Мындайда жылан чыкпайт да!" дебеспи.
— Тааныш адамың психиатрдын көмөгүнө муктаж экендигин кантип билсе болот?
Өзүн реформатормун деп атагандар да бар — андай бейтап өлкөнүн саясаты же экономикасында бир нерсе өзгөртө алам деген ойго азгырылат.
— Ишиңиз өзүңүзгө эмнеси менен жагат?
— Психиатрдын жумушуна талап күч жана абдан зарыл иш. Адамдарды дарылайбыз, сак-саламат адамдар да мындайга кабылбашы үчүн аракет көрөбүз. Бейтаптарыбызга жылуу мамиле жетишсиз — алар деле биздин жарандар эмеспи, унутпоого тийишпиз.
Педиатр наристелерге, акушерлер көз жара турган аялдарга, хирург операциялык столдогу бейтабына кандай кабатырланса, биз психиатрлар да өз бейтаптарыбызды сыйлайбыз, аларга кам көрөбүз.