Экспонаттардын жоголгону жаңылык эмес! Мурдагы маданият министрлери эмне дейт

© Sputnik / Табылды КадырбековИсторический музей города Бишкека
Исторический музей города Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тарых музейинде 503 экспонат жоголгонун Коопсуздук кеңешинин катчылыгы айтып чыккан

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Тарых музейиндеги 500дөн ашуун экспонаттардын жоголгону жаңылык эмес, алар тууралуу тиешелүү органдар мурда эле кабардар болчу. Мындай пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине мурдагы маданият министри Алтынбек Максутов билдирди.

Эске салсак, кечээ Мамлекеттик тарых музейинде 503 экспонат жоголгонун Эсеп палатасына таянуу менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы билдирген.

Мумияны жерге берүү - Sputnik Кыргызстан
Мумиянын тагдырын эки жумада чече турган атайын комиссия түзүлдү
Жыйында экспонаттардын жок болушуна маданият министрлигинин жакшы көзөмөлгө албагандыгы себеп болгону дагы айтылган.

Ал эми музейдин директору Анаркүл Исиралиева жергиликтүү ЖМКларга экспонаттар 2004-жылдардан тарта жоголуп, 10 жыл жылдан бери изделип жатканын айтты.

Мындан улам Sputnik акыркы 15 жыл ичинде Маданият министри кызматын аркалаган аткаминерлердин айрымдарына кайрылып, ошол кездеги кырдаал менен таанышып көрүүгө аракет кылды.

2005-жылдын сентярь айынан тарта министр болгон Султан Раевдин айтымында, ал иштеп турган кезде экспонаттар боюнча маселе козголгон эмес.

"Анда тарых музейинде бир топ көйгөйлөр бар экенин жакшы билчүмүн. Бир жолу атайын жыйын өткөрүп, иши чабал кызматкерлерге сөгүш жарыялап, бир-экөөнү жумуштан кетиргенбиз. Бирок экспонаттардын жоголгону боюнча маалыматым жок болчу", — деди Раев.

Музейдеги артефакттардын жоголгондугу жөнүндө билбегенин, ага мындай маселе менен эч ким кайрылбаганын экс-министр Нурлан Шакиев дагы кошумчалады.

Мумия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мумия эмнеси менен баалуу эле? Нааразы археологдор, "боору ооруган" министр
Министрликти Түгөлбай Казаковго чейин башкарган Алтынбек Максутов дагы бул боюнча пикирин билдирди.

"Мен министр кезде эле музейдин баалуу буюм-тайымдары жоголгону белгилүү болчу. Бул тууралуу тиешелүү органдар дагы кабардар эле. Музей жетекчисинен бардык маалыматтарды алып, экспонаттарды тизмектеп чыкканбыз", — деди Максутов.

Ал ошондой эле экспонаттардын жоголушу жаңылык эмес экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0