БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. "Центральная-4" көмөк чордонундагы фидер авариялык түрдө өчкөндүктөн Жусуп Абдрахманов, Токтогул, Жоомарт Бөкөнбаев көчөлөрү менен Эркиндик проспектисинде электр энергия өчүрүлгөн. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
"Кардарлар башка электр булактарына кошулду", — деп айтылат маалыматта.
"Түндүкэлектр" ишканасына тиешеси жок компания жер иштерин жүргүзүп жатып, кабелди үзүп алгандыктан жарык өчүрүлгөн.