Абдибахитов былтыр Бишкекте өткөн республикалык театр фестивалында "Эркектердин мыкты ролу" наамын уткан. Ошондой эле Жалал-Абаддын мэриясы тарабынан шаардын ардактуу атуулу аталган. Аны Жалал-Абаддын эл артисти деп коюшат экен.
Актер менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков ары түйшүктү, ары сыймыктуу эмгеги туурасында баарлашты.
— "Артисттин бир көргөнүн ит көрбөйт, бир көргөнүн хан көрбөйт" дешет эмеспи. Сиз да театр кызматкери катары ушул сөздү ырастайт белеңиз?
— Албетте! Мен буга толугу менен кошулам. Жакында эле "Каркыранын канаты" жана "Курманбек" спектаклдери менен аймактарды кыдырып келдик. Тээ алыскы Сузак, Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондоруна чейин бардык. Мисалы Ала-Букада бирөө кой союп сыйлады эле, Чаткалга бара жатканда унаабыз бузулуп көчөдө калдык. Былтыр тоолуу аймакта түндө бус менен келе жатсак чоң дарыядан өтчү көпүрөнү суу жеп кетиптир. Айла жок күндүн суугуна карабай унаада түнөп калууга туура келди. Анан эртең менен карасак 20 метр ары жагында эле жаңы курулган көпүрө туруптур (күлүп). Ушундай да болгон.
— Чыгармачылылык жолуңуз кантип башталды эле?
— Театр ишмерлеринин маянасы көңүл жылытаарлык болбогону баарыбызга маалым. Үй-бүлөдө каржылык көйгөй жаралбайбы?
— Бул өтө оор суроо экен. Маянасына чыдабай кетип калган жаштарды көп көрдүм. Мен 58ге чыктым, жогорку категориядагы актермун. Ага карабай 5500 сом эле айлык алам. Чынын айтайын, кээде досторум "айлыгың канча?" деп сураса айткандан уялам.
— Чыгармачылыкты таштап, каржы булагы көбүрөөк жактарга барып иштөөгө аракет кылган жок белеңиз?
— Азыркы менен союз учурундагы театрды салышытырып берсеңиз?
— Союз убагында актерлор абдан барктуу, сыйлуу адамдар эле. Жаш үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан турак жай берилчү. Караколдо иштеп жүргөндө үч бөлмөлүү турак жай алгам. Театрга материалдык жана каржылык жактан жакшы колдоо болоор эле. Ал кезде бир күнүң экинчисине окшобой аябай шаңдуу өтчү. Азыр баары башкача болуп калды. Жаштардын театрга кызыгуусу жок. Жамгыр, карга карабай кыйналып тээ алыскы Чаткалдын айылдарына гостролдоп барсак эл келбей кууратат. Аларга фонгорамма менен ырдагандар кызыктуу болуп калган.
— Аймактагы театр ишмерлерине мамлекеттин мамилеси кандай болуп жатат?
— Мамлекетке болгон таарыныч жок эмес, бар! Мамлекеттик сыйлык берүүдө бир аз нааразычылык жаралат да. Айрым ырчылар 4-5 жыл жүрүп эле "Эмгек сиңирген артистин" алып жатпайбы… Алар сүйлөшүп кичине тыйын-тыпырын берип сатып алат экен. Бизге окшогондор документтерин жөнөтүү менен гана чектелип сатып алууга чамасы жетпейт. Элдин арасында кадыр-баркка жеткенибизге гана кубанып жашайбыз. Мисалы мени "Жалал-Абаддын эл артисти" деп коюшат. Ошого маашырланып эле иштеп жүрөм.