БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Токмок шаарынын бир нече көчөлөрүндө 17-октябрь күнү жаратылыш газы өчүрүлөрүн "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шаардын төмөнкү көчөлөрүндө саат 8.00дөн 17.00гө чейин газ берүү токтотулат.
- Горкий көчөсү;
- Мергенчилик көчөсү;
- Эмен көчөсү;
- Комсомол көчөсү;
- Совет көчөсү;
- Завод көчөсү.
Билдирмеге караганда, газ берүү оңдоо жана кайра калыбына келтирүү иштерине байланыштуу үзгүлүттүккө учурайт.