БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Белгилүү ырчы, "Сармерден" долбоорунун алып баруучусу Гүлбүбү Ороскул кызынын сөөгү эртең, 8-октябрь күнү, Беш-Күңгөй айылында жерге берилет. Бул тууралуу өнөрпоздун санаалаштары билдирди.
Эскерте кетсек, Гүлбүбү Ороскул кызы 6-октябрь күнү оорудан улам көз жумган.
Жакындарынын айтымында, сөөктү саат 11.00дө алып чыгып, тажиясы өтөт.
Ырчы 41 жашта болчу, артында эки кызы калды.