БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын президенти Владимир Путинди телефон аркылуу 65 жаш курагы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Атамбаев өз куттуктоосунда Путиндин келечекти көрө билгендиги жана чечкиндүүлүгү менен Россия туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, дүйнөдөгү ири державалар арасында татыктуу ордун алганын айтты.
Ал ошондой эле чогуу иштешкен учурда кыргыз-орус өнөктөштүк мамилесинде бир топ жетишкендиктерге жетишилгенин баса белгиледи.
Атамбаев Путинге чын ден соолук, бакыт жана мамлекеттик жоопкерчиликтүү кызматында ийгиликтерди каалады.
Россиянын президенти Владимир Путин 1952-жылы 7-октябрда Ленинград шаарында (азыркы Санкт-Петербург) төрөлгөн.