Айтматовдун ким экенин билбей койду! Бишкектик жаштар тууралуу ачуу чындык

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг сторонников Текебаева у здания Жогорку Кенеша в Бишкеке
Митинг сторонников Текебаева у здания Жогорку Кенеша в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын директору Болот Осмонов азыркы жаштардын тарбиясы, биздин музыканттардын бул дүйнөнүн эң таасирдүү адамдарынын алдына чыгышы туурасында айтып берди. Аны менен Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Светлана Федотова баарлашты.

Опера жана балет театрынын имаратынын алдындагы талкаланган эстеликтер чуусу эсиңиздердеби? Алар кайра калыбына келтирилип, Ольга Мануйлова атындагы музейге тапшырылат. Маданияттын ибадатканасында болжол менен келерки айдын ортосунда дал ошондой эле скульптуралар орнотулат, бирок ичи көңдөй болот. 

© SputnikАбдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын директору Болот Осмонов: опера жана балет театрынын жетекчиси болуп үчүнчү мөөнөттө иштеп жатам. Бул мезгил аралыгында өзүм тууралуу эмнелерди гана окуган жокмун. Андыктан, гезиттердеги макала аталыштары мени чочутпай деле калган
Директор Кыргызского национального академического театра оперы и балета им. А.Малдыбаева Болот Осмонов - Sputnik Кыргызстан
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын директору Болот Осмонов: опера жана балет театрынын жетекчиси болуп үчүнчү мөөнөттө иштеп жатам. Бул мезгил аралыгында өзүм тууралуу эмнелерди гана окуган жокмун. Андыктан, гезиттердеги макала аталыштары мени чочутпай деле калган

— Талкаланган скульптуралардын сүрөттөрү социалдык тармакта пайда болгону журналисттер сиздерге көргүлүктү көрсөттү окшойт. Статуяларга элдин ичи ачышты.

— Опера жана балет театрынын жетекчиси болуп үчүнчү мөөнөттө иштеп жатам. Бул мезгил аралыгында өзүм тууралуу эмнелерди гана окуган жокмун. Андыктан, гезиттердеги макала аталыштары мени чочутпай деле калган.

Маселен, бир кезде президенттин жубайына кол салууга даярданып жатканымды жазып чыгышкан. Башка бир материалда Бакиевдин инаугурациясын үзгүлтүккө учуратарымды айтышты. Анан да башка бир кызык, журналисттин пикиринде мен 60 тонна май шыбак уурдап, Опера жана балет театрынын каалгаларынан өзүмө дача курган экенмин.

Бирок анда алардын баары жөн гана көө жапмай болчу, ал эми азыр таң калтырганы – материалдар өтө чийки даярдалат. Корректор, редакторлор эмнени карашат? Театр ремонттон кийин "Манас" операсы жана "Айчүрөк" балети менен ачылат деп жазыптыр. Бизде эч качан "Айчүрөк" балети болгон эмес, бул – алгачкы классикалык кыргыз операсы! 

© Фото / Юлия ЧаловаОпера жана балет театрын оңдоо маалы
Реконструкция здания театра оперы и балета имени А. Малдыбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Опера жана балет театрын оңдоо маалы

Ал эми статуялар кыйрай турган абалда болчу. Алар кайра калыбына келтирилип, музейге тапшырылат. Театрыбыздын алдында алардын көчүрмөсү пайда болот, айланадагы адамдардын өмүрүнө коркунуч келбей тургандай жасалат.

— Президенттин жубайына кол салуу аракети боюнча кызыга түштүм, эмне материал эле ал?

— Артисттер Максим Бакиевге анын апасынын өмүрүнө кол салууга көзгө атарларды жалдаганым туурасында кат жазат. Мага УКМКдан келишти, баарын текшеришти, менин балдарымдын тамашасы экендигин түшүнүшкөндө кечирим сурап кетишти. Бирок журналисттер бул боюнча угуп, сенсациядай жазып чыгышкан.

Бул театр, мында таанылбаган генийлердин айынан интригалар болот. Мен өз кезегинде өтө таланттуу эмес экенимди аңдаган соң чыгармачылыктан да тышкары уюштуруучулук жөндөмүмдү өрчүтө баштагам. Улуу ырчы боло алмак эмесмин, ал эми экинчи ролдогу орто артист болуу кызыксыз. Башкаруучулук жагын алып кеттим.

— Театрдын статуялары боюнча чакан маегиңизде балалыгыңызда абдан ээнбаш, чыгармачыл адамдарды жактырбаган, этибарга илбеген жан болгонуңузду айтканыңыз бар. Ал эми азыр болсо Опера жана балет театрын жетектейсиз…

Сахнадагы театр артисттери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пекинде "Манас" операсы кытай тилинде коюлду
— Бала кезде классикага, музыка же театрга тиешеси бар киши болорумду ойлочу эмесмин. Короодогу досторум менен Дзержинский бульварынын бурчунда жолугуп, "Бродду" бойлой сейилдечүбүз. 22-партсъезд көчөсүн, азыркы Чүй проспектисин "Бродвей" атап алар элек.

Кичинемден үн созгонду жактырчумун, досторума бул өзгөчө жакчу. Армияга барганымда ар бир кечтеги аскердик катарга тизилмей маалында ырдоого туура келди.

Кийин жыгач усталык, электр жагын окудум. "Кыргызмебелде" иштеп жүргөнүмдө газетадан опералык студияга үн керек экенин окуп калдым. Сынап көрдүм, мени хорго алышты. Кийин Москва консерваториясынын алдындагы музыкалык окуу жайына кирдим. Көп нерселер баштан өттү.

Кайра курууда биздин консерваториянын балдары Чүй камералык оркестрин түзүүнү чечишиптир, аларга көмөктөштүм. Имарат таптык, баарын жасалгаладык, анан чыгармачылыкка кириштик. Ошентип Чүй жаштар камералык оркестри пайда болгон. Ал музыканттар менен 23 жыл бою Башмет, Спиваков, Федотов өңдүү беделдүү жылдыздар ырдап чыккан.

Москвада концерт бергенибизде ал жактагы жылдыздар алгач бизге үстүртөн карашкан. Кыргызстандан келишкен, кайдагы бир Чүй оркестри дешип. Бирок концерттен кийин бир нече киши жаныбызга келип, бул дүйнөлүк деңгээл деп макташканда кызарып да кеткем.

Германияда жергиликтүү чиркөөдө концерт койгонубузда андагы пастер буга чейин Кыргызстан деген өлкө бар экендигинен кабары да болбогонун айткан. Анан музыканттардын аткарганын белгилеп, немис артисттеринен кем калышпай ойногонуна таңданганын жашырган эмес.

— Оркестр ар кыл өлкөлөрдүн башчылары жана өкүлдөрүнө өнөр көрсөтөт. Кайсы чет элдик меймандар эсте калды?

КРдин эмгек сиңирген артисти, Карамолдо Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестринин солисти, Даңк медалынын ээси Майрам Дүйшекеева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Майрам Дүйшекеева: филармонияны жүктөп кеткен жетекчилерди да көрдүк
— Андай учурлар арбын. Артисттер Путин, Медведев, Клинтон жана башка дүйнөнүн таасирдүү адамдарынын алдында өнөр тартуулашкан. Бишкекке Ху Цзиньтао келгенинде музыканттар ага күтүүсүз белек кылышканы эсимде. Алар өлкө башчынын бардык жактырган ырларын үйрөнүп, ага аткарып беришкен. Ыраазы болгон лидер стол үстүндөгү икебананы алып, артисттердин жанына басып келип ыраазычылык билдирген.

Гиннестин рекорддор китебине киргизүүгө арзый турган бир окуяны айтып берейин. Труппанын үч мүчөсү бир күндө туулган күндөрүн белгилешкен. Бишкекке Нурсултан Назарбаев жана Эмомали Рахмон келген убак эле. Меймандардын көзүнчө артисттерди куттуктоону Акаевге сунушташкан. Өлкө президенти музыканттарынын жеке майрамдарынан бери биле тургандай таасир калтырган, ал киши гүл тапшырып, куттук сөзүн арнамак.

Бирок кырдаал көзөмөлдөн чыгып кеткен. Концерттен кийин сахнага туулган күн ээлерин чакырдык. Үч президент тең гүлдестелери менен аларды куттуктоого ашыкпаспы! 

© Фото / пресс-служба Минкультуры КРБолот Осмонов: айлыгым 16 миң сом, артисттерим менден көп табат. Биз 20 президенттик стипендия алууга жетише алдык, ар бири 10 миң сом өлчөмүндө. Албетте, бул көп эмес, бирок жоктон көрө жогору
Директор Кыргызского национального академического театра оперы и балета им. А.Малдыбаева Болот Осмонов - Sputnik Кыргызстан
Болот Осмонов: айлыгым 16 миң сом, артисттерим менден көп табат. Биз 20 президенттик стипендия алууга жетише алдык, ар бири 10 миң сом өлчөмүндө. Албетте, бул көп эмес, бирок жоктон көрө жогору

— Мурдагы маегибизде азыркы жаштарга сын көз карашта экендигиңизди байкаган элек…

— Жаштарыбыз үчүн уяларымды жашырбайм. Жөн гана факты келтирейин, балдар өлкөбүзгө салым кошуп кеткен адамдарды, тарыхты билишпейт, китеп окушпайт. Жалпылап айтпайын, бет келишип, көңүл чөгөрткөндөрү жөнүндө гана кеп козгоп жатам. Балким, умтулган жаштар барган чөйрөгө туш келбей жүрөт чыгармын. Бир жигиттен Айтматовдун ким экенин сурасам, актер экендигин айтып нааразы кылды.

Манасчи Замирбек Баялиев - Sputnik Кыргызстан
Замирбек Баялиев: атайын өргө көтөрүлүп, тарых кайталанып жаткандай
Чындыгын айталы, АКШныкына караганда мурдагы постсоветтик мейкиндиктеги адамдын билим деңгээли алдаканча жогору эмес беле. Азырчы?..

Бизге кошмо штаттардан театрыбызга бир топ киши келген. Жакшы балдар, 30 жаштын тегерегиндегилер. Элестетсеңиздер, өмүрүндө опера жана балет театрына эч баш багышпаптыр. Бир дагы жолу! Алардын айтканы боюнча, опера театрлары АКШнын ири шаарларында гана бар экен.

Кыргызстанда ушундай аянтчаны көрүшкөнүнө өздөрү да таң калышкан. Айтымында, алар Кыргызстанды ат чаптырып, кой жайган жер катары элестетишчү экен. Туристтер Кыргызстанга, маданиятыбызга, элибиздин дүйнө таанымына жана өнүккөндүгүнө куштарланып кетишкен.

Жаштарыбызга сын көз карашта карайм дебейм, алардын ушундай абалына өкүнөм. Кайсы бир оюн маалында Ош базарынан келген бир балдарды кезиктирдим. Алар залга капысынан кирип калышыптыр. Кийимдери айрылган, кир, аларды алгач көргөнүмдө оюн маалында артисттерге кокус тийишпесин деп чочулагам. Бирок тынч эле көрүштү. Оюн бүткөндөн кийин басып барып, кантип келип калышканына кызыктым. Көрсө, алар жакын жерде жалданып иштеп жүрүп, кирип калышыптыр. Арасындагы бир бала көзү жашылдана концерт, артисттердин оюну жакканын толкундана айтты. Ага дейре мындайды укпаптыр… Ушул мааниде гана жаштар үчүн кейий турганымды айтып жатам.

© Sputnik / Акылбек БатырбековИмараттын статуяларынын алынышы эл ичинде бир топ чуу жараткан
Имараттын статуяларынын алынышы эл ичинде бир топ чуу жараткан - Sputnik Кыргызстан
1/4
Имараттын статуяларынын алынышы эл ичинде бир топ чуу жараткан
© Sputnik / Светлана ФедотоваЖетекчиликтин айтымында, театр эми баштапкы абалына келет
Жетекчиликтин айтымында, театр эми баштапкы абалына келет - Sputnik Кыргызстан
2/4
Жетекчиликтин айтымында, театр эми баштапкы абалына келет
© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы жыл алдындагы Бишкек. Майрамга кам көрүү
Жаңы жыл алдындагы Бишкек. Майрамга кам көрүү - Sputnik Кыргызстан
3/4
Жаңы жыл алдындагы Бишкек. Майрамга кам көрүү
© предоставлено Центральным Госархивом КРТеатрдын архивдик сүрөтү
4/4
Театрдын архивдик сүрөтү
1/4
Имараттын статуяларынын алынышы эл ичинде бир топ чуу жараткан
2/4
Жетекчиликтин айтымында, театр эми баштапкы абалына келет
3/4
Жаңы жыл алдындагы Бишкек. Майрамга кам көрүү
4/4
Театрдын архивдик сүрөтү

— Опера жана балет театрындагы ишмердигиңиздеги кызыктуу окуялардан кеп салып берсеңиз.

— Театрга жаңыдан директор болгонумда президенттик балатыга даярдык көрүп жатканда артисттер нааразычылыкка чыгышты. Жеке мага карата эмес, үч ай катары менен маяна бериле элек болчу. Аргасыздан ушундай чарага барышкан. Анткени, театрдын аянтчасында министрлердин бири бар эле. Башка жол жок болчу.

Балет жана сүйүү. Бүбүсара Бейшеналиеванын белгисиз сүрөттөрү
Эртеси күнү бардык кызматкерлерге айлык беришти. Ачыгын айтканда, театрдагылардын айлыгы аз, ошондуктан, кырдаалды кантип түзөлтүүнү ойлоно баштагам.

Эгер театр улуттук макамын алса, бөлүнгөн каражат 100 пайызга жогоруларын айтышты. Аны кылдык. Театр досторунун клубун түздүк. Ага 160 киши кирет, биздин долбоорго көмөк көрсөтүп турушат. Мурда орточо айлык акы болжол менен 5 миң сом болсо, азыркы тапта 13 миңдин тегерегинде.

— Сураганым балким, одоно көрүнөр, бирок сурабай да кое албайм. Театрдын директору канча маяна алат?

— Айлыгым 16 миң сом, артисттерим менден көп табат. Биз 20 президенттик стипендия алууга жетише алдык, ар бири 10 миң сом өлчөмүндө. Албетте, бул көп эмес, бирок жоктон көрө жогору.

— Театр ачылганда оюндар коюла баштайт, статуялар өз орундарына кайтабы?

— 14-октябрда "Айчүрөк" операсы коюлат. Бул жакта жашаган ар бир адам аны угушу керек деп эсептейм. Жок дегенде өмүрүндө бир ирет. Театр 1955-жылы кандай ачылган болсо, ошол калыбында болот. Биздин максат – анын алгачкы көрүнүшүн кайра жаратуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0