Нагорнаянын бизнеси. MegaCom боюнча келишим кайда түзүлүшү мүмкүн

Жазылуу
Өлкөдө MegaCom компаниясын 14,5 миллиард сомго сатып алууга ниеттенген россиялык Елена Нагорнаяга кызыгуу күч алды. Мындан улам Sputnik Кыргызстан россиялык жарандын эмне бизнеси бар экенине жана Кыргызстандын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу анын төлөө жөндөмдүүлүгү тууралуу эмне билерине кызыгып көрдү.

"За честный бизнес" порталынын маалыматы боюнча "Альфа Телеком" ЖАК акцияларынын 100 пайызын сатып алууну пландаган россиялык Елена Нагорнаянын төрт жоопкерчилиги чектелген коому (Россияда бул ООО деген кыскартылган аталышта) бар. Мамлекеттик ачык маалыматтарды жарыялаган бул портал өзүн контрагенттерди текшерген жалпы россиялык тутум катары сыпаттайт.

Гражданка РФ Елена Нагорная - Sputnik Кыргызстан
MegaCom компаниясын сатып алам деген Нагорная: мен чех компаниясы эмесмин
Майнап чыкпаган бир канча аукциондордон соң толугу менен КР өкмөтүнө таандык болгон уюлдук оператор быйыл 25-августта түз сатыкка чыгарылган. Ишкананы сатып алууну каалагандардан арыз кабыл алуу мөөнөтү 25-сентябрда аяктаган. Объектинин акысы 13,5 миллиард деп бааланып, ага кошумча жалпы сумманын 7 пайызы комиссиялык төлөм катары каралган. Ошондой эле сатып алуучу аталган ишкананын сот иштерин да мойнуна алмак. "Альфа Телеком" компаниясын сатып алуу ниетин жападан жалгыз россиялык Елена Нагорная билдирип, арыз берген. 

Бул коомчулукту, анын ичинде Жогорку Кеңешти да дүрбөлөңгө салды. Ал эми Нагорная өзү Sputnik Кыргызстанга ал "чех ишканасы" эместигин билдирген.

Нагорнаянын ишканалары боюнча маалымат издөөдө анын Россиянын Федералдык салык кызматынын сайтында тастыкталган жеке идентификациялык номери колдонулган.

Нагорнаянын компаниялары жана ишканалары

Компанияларынын тизмеси (2016-жылга карата алынган "За честный бизнес" сайтындагы маалыматтар):

  • ООО "Контраст-Ти". Негиздөөчүсү (уставдык капиталынын 100 пайызына ээ) жана жетекчиси. Негизги ишмердиги: чай, кофе өндүрүү жана кошумча дагы ишмердиктин 31 түрү камтылган. Түшкөн акчасы — 4 миллион 644 миң рубль, чыгашасы — 239 миң рубль.
  • ООО "Кени-Ти". Негиздөөчү (уставдык капиталдын 100 пайызына ээ) болуп саналат. Негизги ишмердиги: чай, кофе өндүрүү жана кошумча 18 ишмердик түрү, түшкөн акчасы — 19 миң рубль, тапкан пайдасы — 2 миң рубль.
  • ООО "Африка ТМ". Түптөөчүлөрдүн бири (уставдык капиталдын 50 пайызына ээ) жана жетекчиси. Азык-түлүк, суусундук жана тамеки түрлөрүн дүңүнөн сатуу боюнча агенттер жана кошумча ишмердиктин 14 түрү менен алектенет. Түшкөн каражаты жана көргөн пайдасы — 0 рубль.
  • ООО "Бизнес контраст". Негиздөөчүсү (уставдык капиталдын 100 пайызына ээ) жана жетекчиси. Жүк ташууга байланышкан көмөкчү жана кошумча дагы 14 ишмердиктин түрү менен алектенет. Түшкөн каражаты жана көргөн пайдасы — 0 рубль.

Ошондой эле аталган порталдын маалыматы боюнча ал үч ишкананы жетектейт.

Сапаттуу, коопсуз азык-түлүк өндүрүүчү жана жабдып туруучулардын ассоциациясы. Жетектейт, негиздөөчүлөрү — "Кени Ти" жана "Контраст-Ти" компаниялары. Түшкөн каражат — 0 рубль, чыгашасы — 28 миң рубль. Негизги ишмердиги: коммерциялык, башкаруучулук боюнча кеңеш берүү жана кошумча дагы төрт ишмердикти жүргүзөт.

Сариев о продаже Megacom: это простая экономика и логичное решение - Sputnik Кыргызстан
Өзүн актай албай сатылып жаткан 7 мамлекеттик ишкана. Баасы жана себептери
Жергиликтүү жана "Африка өлкөлөрүнүн соода альянсы" африкалык ишканалардын кызматташтыгына жардам көрсөтүүчү коммерциялык эмес өнөктөштүгү. Жетекчиси болуп саналат, түптөөчүлөрү — "Кени Ти" жана "Контраст-Ти" компаниялары. Түшкөн каражаты — 0 рубль. Негизги ишмердиги: коммерциялык жана башкаруу маселелери боюнча кеңеш берүү жана кошумча дагы төрт ишмердик менен алектенет.

"Кения үйү" аталган кениялык жана жергиликтүү ишканалардын кызматташтыгына көмөктөшүүчү коммерциялык эмес өнөктөштүк. Аны өзү жетектейт, ал эми түптөөчүлөрү —"Кени Ти" жана "Контраст-Ти" компаниялары. Түшкөн каражаты жана пайдасы — 0 рубль. Негизги ишмердиги: коммерциялык жана башкаруу маселелери боюнча кеңеш берүү жана кошумча дагы төрт ишмердикти алып барат.

MegaCom боюнча сатуу-сатып алуу келишими Швейцария аркылуу жүрөт

Төлөө кудурети боюнча Нагорнаянын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ошондуктан редакция Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун (ММБФ) төрагасы Болсунбек Казаковго кайрылды. Ал шаршемби күнкү Нагорная менен болгон жолугушуунун жыйынтыктарын айтып берди.

"Жакын арада ал кандай каражаттарга ээ экенин жана алардын келип чыгышын көрсөткөн документтерин тапшырат. Коомчулуктагы дүрбөлөң себебин түшүнбөй турам, компания тымызын сатып жиберилбейт. Сатып алууда каражатынын бир бөлүгү жеке акчасынан, экинчи бөлүгү насыя болушу ыктымал. Бирок булардын баары ачык көрсөтүлөт, биздин башкы талабыбыз – ал акчанын таза болушу", — деп белгиледи Казаков.

Фонддун башчысы азыр тапшырык гана кабыл алынганын, эч кандай келишимге кол коюла электигин эске салды.

КР өкмөтүнүн сот өкүлчүлүгү борбору Liglass Trading CZ, SRO компаниясынын билдирүүсүнө жооп даярдады - Sputnik Кыргызстан
КР өкмөтү Liglass компаниясын милдетин аткарбаганы үчүн доого жыгат
"Нагорная сатуу-сатып алууну Швейцариядан бир юридикалык компания коштой турганына бизди ынандырууда. Бул келишимди да швейцариялык банк тейлемекчи. Ал жакта мыйзам өтө олуттуу, ыпластыктарга жол бербейт. Ошондой эле анын айтымында, келишим камсыздандырылат, кандайдыр бир шек жаралса, камсыздандыруудан баш тартышат", — деди ММБФ төрагасы.

Казаков уюлдук операторду сатуу зарылдыгы боюнча чечим Жогорку Кеңеш жана Коопсуздук кеңешинин деңгээлинде кабыл алынганын да эсибизге салды.

"Нагорная кризис-менеджер да болуп саналат, россиялык жана африкалык ишкерлерге бири-биринин рынокторуна кирүүгө көмөк көрсөтөт. Чай-кофе сатат деген кеп… Бул анын ишканаларынын ишмердиги", — деп кошумчалады Казаков.

Тарыхы

Телефон менен сүйлөшүп жаткан кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда виртуалдык уюлдук оператор түзүү пландалууда
Акцияларынын 100 пайызы мамлекетке таандык болгон ири уюлдук операторду былтыркы жылдын февралында 19 миллиард сомдун тегерегиндеги баштапкы баасы менен сатыкка чыгарылган. "Альфа Телеком" ЖАК акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу боюнча аукцион май айында болмок, бирок эч бир тапшырыктын жоктугунан жылдырылган. Жыйынтыгында ал кездеги ММБФ төрагасы Алмаз Кадыркулов кызматынан кеткен. Кийинки аукционду декабрь айына белгилешкен, анда уюлдук оператордун баштапкы баасы 14 миллиард 255 миллион 250 миң сомду түзгөн. Бирок соодалоо анда да жүргөн эмес. 2017-жылдын июнь айына 13,5 миллиард сом баштапкы баасы менен дагы бир аукцион коюлган, бирок дагы тапшырык түшкөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0