БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда таштандыда 75 жаштагы абышканын сөөгү табылганын ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
"Сөөк Кара-Көл шаарындагы таштанды таштоочу жайдан кечээ саат 14.00дө табылды. Ал 75 жаштагы М. Б. аттуу жаран экени аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, ӨКМдин төрт куткаруучусу иштеп, сөөктү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.