Байыркы Манас баатырыбыз тууралуу дастанда хан шайлоонун демократиясы аябай жакшы баяндалат. Канткен менен ал адабий чыгарма, толук тарых деп айтууга болбойт.
Анча-мынча жазылып, санжыралап айтылып калган тарых боюнча 1830-1831-жылдардын биринде азыркы Балыкчы шаарынын батыш жагында, ушул таптагы Орто-Токой суу амбарынын төмөнкү алабында, сарыбагыш, саяк, бугу, солто, саруу, черик, азык, кушчу урууларынан өкүлдөр чогулуп, Кокон хандыгынан да элчилер катышып, тогуз ак боз үй тигилип, өкүмдарга арналган ак кийиз жайылып, кырктын кырына келген Ормон Ниязбек уулу расмий түрдө хан деп жарыяланган. Ага хандын белгиси катары төбөсү кымбат баалуу кызыл кездеме менен тышталган суусар тебетей кийгизилген. Ошол кызыл тебетей ошондон бери элбашылыктын символу болуп келет. Тилекке каршы, дагы эле ошол хан шайлаган кыргыз урууларынын ыйкы-тыйкылыгынан улам бул Түндүк кыргыздарынын хандыгы узакка созулбады, Ормондун кызыл тебетейи башынан ыргып, найза жеп, өмүрү өксүк менен тамам болду…
Андан кийин бир жагынан Кокон хандыгы, бир жагынан падышалык Россия эч бир кыргызга "кызыл тебетей" кийгизе койбоду…
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин гана жалпы дүйнө мамлекеттеринин укуктук-саясий талаасына кирип, Башмыйзамга "президент" деген макам кошулуп, ал кызмат ордун ээлөө үчүн шайлоолор өткөрүлө баштады.
Андай болсо биз да ажо шайлоонун башатынан бир аз айта түшсөк.
Биринчи президент Аскар Акаев бийликке 1990-жылы октябрь айында келгени эсте бар, ал кезде Конституция башкача эле, өлкө башчысынын талапкерлигин он экинчи чакырылган Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тандамак, адегенде Кыргызстан КПнын биринчи катчысы Апсамат Масалиевдин, Министрлер Советинин председатели Апас Жумагуловдун, Кыргызстан КП Ысык-Көл облустук комитетинин биринчиси Жумгалбек Аманбаевдин талапкерлиги коюлуп, бири да керектүү добуш топтой албай, жыдыйт да, демократияга шерденген депутаттар үч үлкөндү ары сүрүп, жаңы талапкерлердин ысымдарын атоого өтөт. Алар Исанов, Дүйшеев, Түмөнбаева, Асанкулов, Койчуев, Аблесов, Баекова, Акаев, Муралиев, Шеримкулов, Осмонов, Асейинов болуп чыгат, ичинен алтоо өз талапкерлигин алып таштап, калгандардын арасынан эң көп добушту Аскар Акаев ээлейт. Ошентип тар алкакта таажы кийүү бактысы (балким, кайгысы!) физик академикке насип этет.
Андан соң президентти жалпы эл тандоо керектиги Башмыйзамга кирип, 1991-жылы 12-октябрда шайлоо өтүп, "свежий" журтбашы Акаев президенттик такка отурат.
Ошондон кийин эсеби 3-жолу ажону аныктоо күнү 1995-жылдын 24-декабарына туш келип, анда бийликтеги атаандаштары эски коммунисттер Медеткан Шеримкулов менен Апсамат Масалиевди аттан оодарып түшүп Аскар Акаев дагы тизгинди колго алат.
Анан кийин 2000-жылы дагы бир шайлоо өтөт. Ал эми төртүнчү деңиз…
Бул президент адегенде төңкөрүшчүлөрдүн суроо-талабы менен мамлекетти башкарып калган менен кийин ал атаандаштык түрдө шайлоого катышып, башка талапкерлерди жеңип чыгат. Ошентип 2005-жылы 10-июлда шайланган президент катары ишин баштаган.
Ажо үчүн ат салышууда кыргыздардын өзүнө таандык менталитети бар
Анын эң негизгиси жана башкысы – жердештерин тандоо, жердешчилик, уруучулук ураанын чакыруу. Башка өлкөлөрдө, мисалы, АКШда партияларга карап, демократиялык партияданмын, республикачыл партияданмын деп, ошолордун идеялары үчүн күрөшсө, кыргыздар азырынча уруулук-кландык топтор үчүн ат салышат. Цивилизациялуу өлкөлөрдө саясий партиялар элүү-жүз жылдап иштеп, кадыр-барк топтосо, бизде жазда партия түзүп, күздө жеңишке жетсе боло берет.
Дагы бир кыргызча пародокс — бир жолку Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Клара Кабилова өлкөнү таштап чыгып кетип, сегиз ай Москвада театр, кино көрүп, балдары менен эрмектешип жүрүп кайра келип "мени бир жылда үч шайлоо өнөктүгүн өткөргөн киши жана эки миң шайлоо участокторун түзүп, аларды үйрөткөн катары" Гиннес китебине жазуу керек деп чыгат. Айтса-айтпаса төгүнбү, эгер Гиннес китебинде ушундай орун болсо шайлоо жана референдумдарды тынбай өткөргөн, аларды уюштурууга ченебей акча чачкан жана Баш мыйзамын эсепсиз эле эби жок жамаачылай берген мамлекет катары ал китептен орун алууга толук татыктуубуз.
Ошентип отуруп дагы бир президенттик шайлоого бет келгенбиз
Анда талапкерлигин жеке адамдар жана партиялар сунуштады, алардын саны көп эле болуп мамлекет башчысы Курманбек Бакиевден тартып көзү ачыктарга чейин жетти. Президент болуу үчүн БШКга арыз берүү гана жетишсиз, 50 миң добуш топтош керек, анысы да түрдүү региондордон болушу керек дешти.
Шайлоо алдынан дагы да салтты бузбай талапкерлигин коюп келе жаткан экс-акыйкатчы, Турсунбай ажы Бакир уулу адегенде кандидатурасын көрсөтөрүн жарыя айтып, анан эле Малайзияга элчи болууга макулдугун берип жиберди, чамасы президентке караганда элчинин элге пайдасы көп тиет деп ойлоду шекилдүү.
Талапкерлердин катарында "көмүр королу" аталган, деги эле утулуп калышын ойлобогон Нурлан Мотуев да жүрдү. Үсөн Сыдыков жетектеген "Жаңы Кыргызстан" партиясы менен Исхак Масалиев башында турган коммунисттер бул жолу "Ак жол" тандаган талапкерди – Курманбек Бакиевди колдошо тургандыгын айтып чыгышты, ал кишиге тең келе турган атаандаш жок экендигин ачык билдиришти.
Жаңы шайлоодо мурдагыдай бармакты маркировкалоо деген болбойт экен, оппозиция добуштар бурмаланып кетеби деп мындан да коркуп жатат. Ал эми абдан көп адамдар эл шайлоого барбай коюшу мүмкүн дешип чыкты эле, анда дале келгендер менен тагдырлар чечиле берет.
Мурдагы президенттик шайлоодо Исхак Масалиевдин жана Жеңишбек Назаралиевдин "түбүнө жеткен" мамлекеттик тил боюнча сынак ошондо да болду.
Шайлоодо жеңиш Бакиевге алып берилгени менен алдыда жаңы төңкөрүш баш багып келе жатты. Анда Роза Отунбаеванын, Алмазбек Атамбаевдин "кызыл тебетейлери" күтүп турду.
Эмки шайлоонун шайы кандай?
Быйылкы талапкерлер арбын: ичинде аннтендүүлөр да, мандемдүүлөр да, тандемдүүлөр да бар, "кызыл тебетей" болсо бирөө гана. Аны татыктууга кийгизип алсак кана, атаганат!..
Автордун ой-пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн