Ал эми электорат аны кандай кабыл алат? Негизи эле шайлоочу үгүттүн кайсы түрүнө көбүрөөк ишене турганы жөнүндө Sрutnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бегимай Бакашевага психологиялык борборлордун биринин жетекчиси Айзада Танаева айтып берди.
— Айзада айым, азыр кайсы жакты караба президент болом дегендердин сүрөттөрү, ар кандай чакырыктары… Көптүгүнөн көзгө "көрүнбөй" деле калды.
— Жарнаманын кайсы түрү шайлоочуларга жакшы таасир этет?
— Бир эле жарнама элдин баарына бирдей жагат деп айтууга болбойт. Ар ким өзүнүн жашоо шартына жараша ар кайсы тармактарга байланган. Мисалы, үй кожойкелерине, пенсионерлерге теле аркылуу кайрылган туура, ал эми унаа менен ары-бери көп каттагандар дайыма радио угушат. Жөө баскандардын колуна баракчаларды кармата койгон жакшы. Баракчалар демекчи, үгүтчүлөр үймө-үй кыдырып буклеттерди таратат эмеспи. Алар албетте, үйдө отурган пенсионерлердин колуна тиет. Кооз жана көп акча сарпталып жасалган буклеттер аларды, тескерисинче, жиндентет. Эртең эле таштандыда калчу кагазга ушунча акча короткондон көрө бизге жардам берип койбойбу деп ойлондурат. Ошондуктан, баракчалардын жупуну болгону жакшы. Талапкер карапайым элге жакыныраак сезилет.
— Президент болгусу келген саясатчынын келбети роль ойнойбу?
— Шайлоочу үчүн талапкердин кебетеси анча маанилүү эмес. Элди чарбачыл, адилет, эл үчүн жан тарткан саясатчылар кызыктырат. Ошондой эле шайлоочу харизмасы күчтүү, өзүнө ишеними бекем, максатына жете билген лидерди ээрчийт.
— Көчөдөгү көп сандаган баннерлердин пайдасы канча?
— Алар кооз, айрымдары карапайым эл менен аралашкан таасирдүү сүрөттөрүн коюшат. Мунун баары көзгө жакшы көрүнөт. Бирок негизги кемчилиги — оголе көптүгү. Мындан улам маанилүүлүгү жоголуп кеткен.
— Ошондо шайлоочулар шайлоо алдында талапкерден эмнени күтөт?
Шайлоочулар менен жолугушуу талапкерге дагы өтө пайдалуу. Айрым саясатчылар эл алдына чыгып сүйлөп жатканда классикалык же Эриксон (адамды позитивдүү өзгөрүүлөргө даяр болчу абалга жеткирчү гипноз) гипноздорун колдонушат. Башкача айтканда, өз пикирин электоратка өтө жумшак түрдө таңуулашат. Эл уккусу келген сөздөрдү айтып, публиканы өзүнө каратып алышат. Чогулган эл алар үчүн эмитен эле чечим кабыл алынганын түшүнбөй да калат. Бирок бул методдорду мыкты пиарчылары бар гана талапкерлер колдонушат.
— Талапкер үчүн абдан жакшы ыкма экен. Бирок таптакыр ишенбегендер да бар да.
— Шайлоочу өзүн толугу менен канааттандырган талапкерди таппай калышы кадыресе көрүнүш, ошол себептен бюллетенде "баарына каршы" деген пункт бар. Ишеним жок болсо, айла жок.
— Анын үстүнө баягы эле эски жүздөр…