БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Ташкентте кыргызстандык жана өзбекстандык ишкерлердин катышуусунда бизнес-форум өтөт. Бул тууралуу Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-6-октябрга белгиленген "Өзбекстан — Кыргызстан 2017" аталышындагы эл аралык иш-чара алгачкы жолу уюштурулууда. Эки өлкөнүн ишкерлери туризм, айыл чарба, курулуш, жеңил өнөр жай жана тоо-кен боюнча көргөзмөлөргө күбө болот.
Бизнесмендер кызматташуу максатында жаңы өнөктөштөр менен келишим түзүп, келечектеги аракеттерин талкуулоого мүмкүнчүлүк алышат.