Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Баялиев: манасчылыктан баш тарткандар майып болуп калышы мүмкүн

Жазылуу
Белгилүү манасчы Замирбек Баялиев манасчылык өнөрдөн баш тартуу аманатты аткарбаганга барабар экендигин айтты
Баялиев: манасчылыктан баш тарткандар майып болуп калышы мүмкүн

Замирбек Баялиев башында улуу касиетти кабыл албай, эки жылча бейтапканалап жүргөнү тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маекте билдирди.

"Манас айтпайм деп көргөн түштөрдү унутканга аракет кылган да учурлар болду. Ошол убакта бейтапканалап эки жыл оорудум. Бардык анализдерим таза чыгат, бирок жан дүйнөмдө бир нерсе санаага түртүп, тынчтык бербей койду. Анан качан Манас айтып, элден бата алып, түлөө өткөрүп, өз жолума түшкөндө ооруган жерим айыгып, көзүм умачтай ачылды. Берилген аманатты кабылдабаса адам турмушунда бактысыз болуп, кырсыктап калышы мүмкүн" — деди манасчы.

Ал ошондой эле мындай учурлар тарыхта да болгонун айтып өттү.

Замирбек Баялиев менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинен толук окуй аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0