Ымыркайдын таштандыга ыргытылган сөөгү. Шектүү аял кармалды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКамактагы аял. Архив
Камактагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ымыркайдын сөөгүн 14-сентябрь күнү эртең менен Киркомстром районунан шаар тургуну таап алган

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкекте өз баласын өлтүрүүгө шектелген аял кармалгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Эске салсак, ымыркайдын сөөгүн 14-сентябрь күнү эртең менен Киркомстром районунан шаар тургуну таап алган.

Милиция шектүү катары 30 жаштагы нарындык аялды кармады. Ага карата КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 100-беренеси (Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү) менен кылмыш иши козголду. Бир катар соттук экспертизалар жүргүзүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0