Талапкерлер КТРКдагы теледебаттарда качан ат салышат. Күнү жана убактысы

CC BY 2.0 / flash.pro / Evening watching televisionТелевизор көрүп жаткан адам. Архив
Телевизор көрүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК коомдук телерадиокорпорациясынан акысыз эфир убактысын бөлүү боюнча президенттикке талапкерлерге чүчүкулак карматты

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандын президенттигине талапкерлердин КТРКдагы теледебаттары качан болору тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жазылды. https://shailoo.gov.kg/ru/news/1805/

БШК коомдук телерадиокорпорациясынан акысыз эфир убактысын бөлүү боюнча талапкерлерге чүчүкулак карматты. 

Дебаттын биринчи турунун графиги. Ар бир талапкерге 25 мүнөттөн убакыт берилет. 

  • 3-октябрь күнү саат 21.00дөн 23.10го чейин Азимбек Бекназаров, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев эфирге чыгышат.
  • 4-октябрда 21.00дөн 23.10го чейин дебатка Сооронбай Жээнбеков, Токтайым Үмөталиева, Арстанбек Абдылдаев жана Өмүрбек Бабанов катышат.
  • 5-октябрда 21.00дөн 23.10го чейин Темир Сариев, Эрнис Зарлыков, Таалатбек Масадыков, Арсланбек Малиев жана Улукбек Кочкоров “күч” сынашат. 

Дебаттын экинчи турунун графиги. Ар бир талапкерге бул жолкусунда 20 гана мүнөттөн убакыт бөлүнөт.

  • 11-октябрь саат 21.00дөн 23.30га чейин Токтайым Үмөталиева, Таалатбек Масадыков, Арстанбек Абдылдаев, Улукбек Кочкоров, Камчыбек Ташиев жана Өмүрбек Бабанов дебатка чыгышат.
  • 12-октябрь күнү саат 21.00дан 23.50гө чейин Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эрнис Зарлыков, Темир Сариев, Арсланбек Малиев, Бакыт Төрөбаев жана Сооронбай Жээнбеков эл алдында өз талапкерлигин жактайт. 
Жаңылыктар түрмөгү
0