БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы күйүүчү май сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, аталган ишкана АИ-80, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин менен дизель майы үчүн 5 миллион 135 миң 700 сом сарптоого даяр.
Тендер 18-сентябрда жарыяланып, мөөнөтү 10-октябрда аяктайт.