00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Спорт тармагына быйыл канча акча болүндү — инфратүзүм, олимпиада, массалык спорт
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Рамазан — ыкластуулуктун айы. Орозого кантип туура даярдык көрүү керек?
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Что делать если второй родитель уклоняется от уплаты алиментов
12:05
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2026-жылы кайсы акцияларга инвестиция кылыш керек — алтын, балуу кагаздар, криптовалюта
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как сохранить здоровье стоп и ногтей — беседа с подологом
14:05
60 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Төрөттөн кийинки калыбына келүү: тренддер жана чыныгы пайдалуу ыкмалар
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Оползни и паводки: как в МЧС готовятся к самому опасному сезону года
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Госдолг Кыргызстана: безопасный уровень или скрытая угроза для экономики?
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

АКШнын БУУдагы өкүлү Америка Түндүк Кореяны жок кылып коюшу мүмкүндүгүн айтты

© REUTERS / Carlos BarriaПосол США в ООН Никки Хейли
Посол США в ООН Никки Хейли - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Түндүк Кореяга карата киргизилген санкциялардын айынан өлкөнүн сырткы соодасы 90 пайызга чейин чектелген

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Вашингтон Түндүк Корея маселесин чечүү үчүн болгон дипломатиялык аракеттерди көрдү. Андыктан эгер Пхеньян "ойлонулбаган" саясатты уланта бере турган болсо, АКШ өзүн же өнөктөштөрүн коргоого аргасыз болуп, Түндүк Кореяны жок кылышы да мүмкүн деген пикирин Американын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Никки Хейли билдиргенин РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Анын айтымында, АКШ президенти Дональд Трамптын "Түндүк Корея оттун ортосунда калуу тобокелдигине барууда" деген сөзү жөн эле эмес.

"Биз болушунча аракет кылдык, бирок Түндүк Корея акылга келбей турган жана жоопкерчиликсиз кадамдарга барып жатат", — деген оюн Хейли CNN телеканалына берген маегинде баса белгилеген.

Ал ошондой эле Вашингтон көйгөйдү жөнгө салуу үчүн бардык дипломатиялык аракеттерди көргөнүн, АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешинин алкагында бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонгонун кошумчалаган. Хейли эгер абал такыр өзгөрбөсө маселе менен Пентагон алектене турганын айтты.

Церемония открытия нового жилого комплекса на улице Рёмён в Пхеньяне - Sputnik Кыргызстан
Пхеньян БУУнун санкцияларына баш ийбей турганын жар салды
"Мен бул маселени генерал Мэттиске (Пентагондун башчысы – ред.) кубануу менен бермекмин. Себеби анын меселени чечүү боюнча бир нече аскердик планы бар", — деди Хейли.

Учурда Түндүк Кореяга карата киргизилген санкциялардын айынан өлкөнүн сырткы соодасы 90 пайызга чейин чектелген.

Ал ортодо Россия Мамдумасынын коргонуу боюнча комитетинин башчысы Владимир Шаманов Хейлинин айткандарын жоопкерсиздик катары баалады. АКШнын Түндүк Кореяны жок кылуу мүмкүнчүлүгү болгон күндө дагы аны ишке ашыруу үчүн дүйнө коомчулугунун макулдугу керек.

"Алар эмне башка планетада жашайбы? Андыктан мындай аракет жоопкерсиз жана өзүн дүйнөдө лидер катары сыпаттаган тараптын гана билдирүүсү", — деди депутат.

15-сентябрга караган түнү Түндүк Корея Япония тарапка карата ракета учуруп, ал Хоккайдо аралынан 2,2 миң чакырым алыстыкка түшкөн.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Пхеньяндын бул аракетин "одоно чагымчылдык" экенин айтып, Түндүк Кореяны өзөктүк программадан баш тартууга чакырган. Пхеньяндын ракета учуруусун Россия, АКШ жана башка өлкөлөр сындаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0