— Ак өргөңүз, темир тулпарыңыз кут болсун! Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвдин күтүүсүз белеги тууралуу укканда кандай абалда калдыңыз?
Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин мага болгон ыраазычылыгын жана ошол жердеги кубанычын көрүп төбөм көккө жетти. Бооруна кысып "ата-энеңе рахмат, бизди аябай кубанттың" деген сөзү дагы деле кулагыман кетпей жаңырып турат… Мага үй, унаадан да эки өлкөнүн ажолорунун жүрөктү жылыткан жылуу сөздөрү, ыраазычылыгы чоң ийгилик, белек болду.
— "Чек ара көйгөйүнөн улам Өзбекстанда жашаган ата-энеме жете албай келем" деп айтып калдыңыз. Ал маселе чечилгенине кубанып бүтө элек болсоңуз керек?
— Акындар менен алты тилде айтышып, эл оозуна алындыңыз. Көп тил билүү баарынын эле колунан келе бербейт. Буга кандай жетиштиңиз?
— Өзүм кыргыздын уулумун. Бала кезимен эле башка тилдерди үйрөнүүгө кызыкчумун. Өзбекстанда жашаганым менен өзбек тилин Ошко келип үйрөндүм. Анткени Анжияндагы айылдаштарымдын баары кыргыздар эле. Орто мектепте да кыргыз тилинде билим алгам. Ошко келип, Кыргыз-Өзбек университетинин англис тили жана адабияты адистигине тапшырдым. Чогуу окуган балдар-кыздардын баары өзбекстандыктар болгондуктан алар менен өзбек тилинде сүйлөп жүрүп, үйрөнүп алдым. Англис тили менен адабиятынан мугалим болгон соң бул тилде эркин сүйлөйм. Орус тилин болсо орто мектепте, анан университетте үйрөндүм. Жогорку окуу жайын бүтүргөн соң, түрк лицейинде иштеп калып, ал жердеги түркиялык кесиптештеримден бул тилди үйрөнүүгө туура келди. Казак тилин болсо үстүртөн гана билем. Жубайым кесиби боюнча араб тили мугалими. Акыркы кезде араб тилин үйрөнсөм деп пландаштырып, аракеттенип жатам. Негизи эле көп тил билүү бул менин кыялдарымдын бири болчу.
— Төкмөлүк өнөрдүн тарыхында бир канча тилде төгүп ырдаган акындар болгонбу? Кызыгып көрдүңүз беле?
— Учурда жок, бирок буга чейин Токтогул Сатылганов Сибирде жүргөн кезинде орустардын балалайкасын чертип, орус тилинде төгүп, ал эми Анжиянга барганда өзбек тилинде төгүп ырдачу экен. Бул Токтогул атабыздын өзгөчөлүгү десек болот. Кыргызстанда жүздөгөн акындар бар. Бирок алардын арасында өзүңдүн өзгөчөлүгүң, ордуң болушу керек. Ошол үчүн бир канча тилде төгүп ырдап көрүүнү туура көрдүм.
— Аныңызды айрымдар "төкмөлүк өнөргө жаңычылдык киргизди" деп кабылдаса, кээси "тилге, өнөргө доо кетирип жатат" деп айтып чыгышты…
— Кыргыз тилинде кыргыз жерин даңазалап ырдап, америкалык же россиялык бирөөгө жеткире албайсың. Ырды которуп түшүндүргөнгө караганда ошол тилде ырдап жеткирүү туура го деп ойлойм. Тикелей булактын өзүнөн суу ичкен жакшы эмеспи. Ал эми мен эне тилге доо кетиргидей кыргыз тилинде ырдап жатып, мисалы "так что", "давай братан", "даже" деген сөздөрдү кошуп ырдаган жокмун да. Эгерде ушинтип ырдасам, анда "тилди бузуп жатат" дешсе болот. Орус тилинде төкчү болсом жалаң орус тилинде ырдайм. Эгерде мага карата ушундай сын пикирлер айтылып жаткан болсо, ошол адамдар өзүнүн ой-жүгүртүүсү, алган билиминин деңгээлинде гана сындайт деп айтат элем.
— Ушул өнөрдү аркалагандан бери кыжырыңызга тийип, жаныңызды кашайткан көрүнүштөр болду беле?
— Акыркы кезде айрым акындар эстрада жанрындагы ырлардын обондоруна салып, айтышты шоу кылып жатышат. Муну менен айтыштын маңызын жоготуп жатабыз. Дагы бир айта кетчү нерсе, жарым сааттан айтышпайбыз. Эки акынга он мүнөт гана убакыт беришет. Анан калыстар тобу "теманы ачпай жатат" деп айтышат. Теманы ачып ырдасаң, "атаандашы менен айтышпай жатат" дейт. Экөөнү тең бирдей алып кетейин десең убакыт жетишпейт. Анткени атаандашыңа обон созуп отурганча он мүнөт бат эле өтүп кетет. Казактардын айтышын карасаңыз жарым сааттап төгүшөт. Эч нерсе калбай, ички көрөңгөсүндө эмне болсо баарын ырдашат. А бизде үч мүнөттөн убакыт берсе, анда баары эле жаттап алганын айтып коюп чыгып кете берет да. Анан да колдоонун жоктугунан улам айрым абдан таланттуу акындарыбыз кетмен көтөрүп талаалап кыңылдап ырдап коюп жүрүшөт. Көзүңөргө бир гана Аалы Туткучев, Жеңишбек Жумакадыров, Идирис Айитбаев, Азамат Болгонбаев көрүнө бербесин. Жаш акындардын арасында төрт тарабы төп келишкен Баян Акматов, Жылдызбек Төрөканов аттуу акындарыбыз бар. Мына ушундай таланттарыбызды колдоп алсак болот. Анан да жаш акындарга айтаарым саясат тууралуу ырдабай эле койгулачы. Буга такшалгандан кийин киришүү туура деп ойлойм.
— Төкмөлүк тубаса талантыңызбы же кийинчерээк өздөштүрдүңүзбү?
— Өзбекстанда мектепте окуп жүргөн кезимде эле колума калем кармап, ыр жазып калчумун. Ал эми төкмөлүк мага жараткандан берилген деп айтсам болот.
— Устатыңыз деп кимди айтаар элеңиз?
— Казак акындары менен болгон айтышта 3-орунду ээлегениңиз үчүн "бул ирет калыстар айтышты калыс баалашкан жок" деп социалдык тармактарда аларды катуу сынга алышты.
— Калк айтса, калп айтпайт, муну унутпашыбыз керек. Бирок сахнага байге алыш үчүн барганыбыз жок да, акындык өнөрдүн акысын берели деп барып жатабыз. Маданияттын уюткусу болгон Саламат Садыкова эжекеме, же "Айтыш" фондун негиздеген, кыргыздын бактысына төрөлгөн кыраан Манас тукуму Садык Шер-Нияз агама, же калыстардын дагы бир мүчөсү Жыргалбек Касаболотов жана Мирлан Самыйкожо мырзаларга карата туура эмес пикирлерди айтып жаткандарга кайрылам. Мен эч кимге 3-орунду ээлегеним үчүн арызданган жокмун. Тескерисинче, ыраазы болдум. Мага Саламат Садыкова ошол жерде "8" деген баанын ордуна "2" койсо деле ыраазы болмокмун. Анткени мен бала кезимден бери сыйлап, анын ырлары менен чоңойдум. Мен өзүмдү орун менен чектегим келбейт. Атамдын "байге үчүн эмес, бата үчүн чык" деген сөзүн эч качан унутпайм.
— Айтыштардын биринде сизди атаандашыңызга "одоно, кополдук менен жооп кайтарды" дегендерге эмне дээр элеңиз?
— Бир ирет атаандашым "сен Өзбекстандан келдиң" деп акаарат кылды. Деңгээли ошол экен. Анын деңгээлине түшкүм келген жок. Ага "ооба Өзбекстандан келдим не дейсиң, сыйлаганды билбейсиң, азыр жеңип койсом өзүңдү өзүң тилдейсиң, Исхак Раззаков да Өзбекстандан келген мага окшоп" деп жооп кайтардым. Муну мен одоно же копол жооп деп эсептебейм. Негизи улуттун жаманы эмес, адамдын жаманы болот. Улутту жамандап сүйлөгөн адамдын өзү начар экенин байкайсың.
— Тамадалык кылып жүргөн жайыңыз бар. Ичимдик ичилген тойлорду алып баруудан баш тартат экенсиз?
— Чет тилин билген жаштар адатта чет өлкөдө иштешет, же өз өлкөсүндө калып эмгек акы көп төлөнүүчү чет өлкөлүк компаниялар менен кызматташат. Ал эми сиз театр менен мектепти тандаптырсыз?
— Мен мекеним үчүн катардагы жоокермин. Элге кызмат кылуу үчүн чет жакка чыгуудан да баш тартып, мектепти, театрды, маданият тармагын тандап отурам. Мисалы, Бабур театрынан алган 5000 сом маянамды үйгө алып бара элекмин. Ал акчаны кайра эле театрдын өзүнө жумшап келем. Үй-бүлөмдү Кудай берген өнөрүм менен багып жатам. Бүгүн мен өлкөмө керекмин. Ошол үчүн таштап кеткеним жок.