БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бейтааныш адамдар курал менен коркутту деп айткан Панфилов районун тургуну мурда берген көрсөтмөсүн өзгөртүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИБдин аймактын бөлүмүнөн билдиришти.
Эсекерте кетсек, 12-сентябрь күнү саат 17.30дар чамасында Панфилов райондук бөлүмгө такси айдап иштеген 28 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, аны бейтааныш адамдар курал менен коркутканын айткан.
Мындан улам Панфилов РИИБинин өздүк курамы көтөрүлүп Чүйдүн Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунда "Перехват" планы жарыяланып издөө иштери жүргүзүлгөн.
"Таксист көрсөтмөсүн өзгөртүп жиберди. Башында шектүүлөр спорттук кийимчен жүргөн деген, азыр болсо камуфляжчан болгон деп жатат. Бул маалымат такталбаган соң издөө иштери токтотулду. Кылмышкерлерди издөөгө көп күч жана убакыт жумшалды. Трассадагы унаалар текшерилип, аймактар тинтүүгө алынды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда таксисттин берген көрсөтмөсүнүн чын-төгүнүн тактоо максатында психологиялык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгына карап чара көрүлөт. Туура эмес маалымат бергени үчүн ал жазага тартылышы мүмкүн.
"Көрсөтмө берген киши эми ошол түнү үйүнүн жанында куралчан адам турганын айтууда. Жергиликтүү тургундар болсо ал түнү шектүү адамдарды көрбөгөнүн айтышты", — деди маалымат кызмат.
ИИМдин маалымат кызматы райондук бөлүмгө кол салуу болду деген маалыматты четке какты.