Чүй облусунда куралчан адамдар изделип жатат

Жазылуу
13-сентябрга караган түнү интернетте милициянын Панфилов райондук бөлүмүнө куралчан бирөөлөр кол салгандыгы тууралуу маалымат тараган

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Чүй облусунда милиция куралчан адамдарды издеп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине регионалдык ИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Кол кишенчен адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
УКМК Кыргызстанда теракт уюштурмакчы болгон кишини кармады
13-сентябрга караган түнү интернетте милициянын Панфилов райондук бөлүмүнө куралчан бирөөлөр кол салгандыгы тууралуу маалымат тараган. Бир нече мүнөттөн кийин социалдык тармак колдонуучулары Кара-Балта шаарында белгисиз адамдар көчөгө чыгып алып элди аткылап жатканын жазышкан.

ИИМдин маалымат кызматынан бөлүмгө кол салуу болгон деген маалыматты жокко чыгарышты. Ал эми Чүй облусунун милициясынан 12-сентябрь күнү саат 17.30дар чамасында Панфилов райондук бөлүмгө 28 жаштагы тургун кайрылып, аны бейтааныш адамдар курал менен коркутканын айткан.

"Кайрылган адам таксист экен. Өзүнүн айтымында, аны төрт эркек токтотуп, биз каалаган жерге жеткирип кой деп курал көрсөтүшкөн. Айдоочу бензин жок экенин айтканда, унааны текшерип көрүшкөн. Айдоочунун сөздөрү калп эмес экенине көзү жеткен соң, төртөө тең кетип калышкан экен", — деп айтылат билдирүүдө.

Милиция Панфилов РИИБинин өздүк курамы көтөрүлүп, учурда аймак текшерилип жатканын белгиледи. Ушул тапта Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунда "Перехват" планы аткарылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0