БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Манас менен Чүй проспектилеринде түн жарымдан бери жарык жок экенин окурман Telegram аркылуу билдирип, буга кабелдер жабыркаганы себеп болушу мүмкүн экенин кошумчалаган.
Ошондой эле Faceebook тармагынын колдонуучулары дагы Манас — Чүй проспектилериндеги жаңы оңдолгон жер астындагы өтмөктө жарык жок экенин жазып чыгышты.
Ал эми "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине кабелдер менен беш трансформатор жабыркаганын билдирди. Мындан улам Чүй менен Манас проспектилери жана Рыскулов, Исанов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жарык берүү үзгүлтүккө учураган.
Аталган ишканадан маалымдашкандай учурда жеринде кызматкерлер иш алып барып жатат. Бир нече сааттан кийин жарык берилет.