БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сапар Исаковду кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Исаковдун айтымында, өкмөт менен Centerra Gold Inc. компаниясынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен "Кумтөр" долбоорунун алкагында экологиялык абалды жакшыртууга шарт түзүлдү. Андан сырткары, экологиялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча макулдашууга жетишилди.
"Жаңы келишимдин Кыргызстандын экономикасына түз жана кыйыр түрдө тийгизген таасири 200 миллион долларга чейин жетиши мүмкүн", — деди Исаков.
Өз кезегинде Атамбаев "Кумтөр" долбоорунда улуттук кызыкчылыкты коргоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, сүйлөшүүлөр аймактагы экологиялык норманы жакшыртууга болгон эки тараптуу кызыкчылыктын бар экенин айгинелеп турганын баса белгиледи.