Жол кырсыктарын алдын алуу максатында шаардын 19 жеринде айдоочуларга чакырыктар жасалган экрандар жайгаштырылды
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бишкекте диоддук жарыгы бар экрандарда айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырган сүрөттөр көрсөтүлүп турат. Бул тууралуу ИИМдин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Жол жээктеринде коюлган экрандарда "Айдоочу, жөө адамга жол бер!", "Ичимдик менен унаа — бири-бирине душман", "Канча убакыт жоготкуң келет? 30 секундбу же 5 жылбы?", "Мас айдоочу — киши өлтүргүч" деген сөздөр жазылган.

Сүрөттөр жол кырсыктарын алдын алуу максатында шаардын ичинде 19 экранга жайгаштырылды.
"Кайгуул милиция башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Жумашалиев бардык айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырат", — деп айтылат билдирүүдө.