БИШКЕК, 10-сен. – Sputnik. Кыргызстандын Украинадагы элчилиги Киев шаарындагы атышууга кыргызстандыктардын катышкан, катышпагандыгын текшерет. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
8-сентябрда Украина полициясы атышууда эки киши жарадар алгандыгын, алар кыргызстандыктар болушу мүмкүндүгүн билдирген.
Ал эми ТИМдин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева маалымат тастыкталбагандыгын билдирди.
"Украинадагы элчилигибиздин алдын-ала маалыматы боюнча Киевде атышкандар кыргызстандыктар экен деген маалымат азырынча тастыкталган жок. Себеби, ок тийип ооруканага түшкөндөр өздөрүн кыргызстандыкпыз деп жаздырышканы менен жанында документтери болгон эмес", – деп билдирген Кулукеева.
8-сентябрда белгисиз бирөөлөр Opel унаасын менен Jaguar машинасынан артынан кууп, ок чыгарып, аткылоого токтоп турган Porsche унаасы кабылгандыгын маалымдалган. Айтылган автоунаанын ичинен эки адам ооруканага жаткырылган.