Биздин күнгө чейин кыргыз кинемотографиясынын тарыхында эң мыкты фильмдер жаралды. Учурда алардын баарын санап өтүүнүн кажети жоктур. Бир чындык, ал фильмдер кайсы доордун талабына ылайык тартылса дагы адамзаттык түбөлүктүү көйгөйлөрүн камтыгандыгы менен өлбөс-өчпөс болуп элдин жүрөгүнүн түнөк алды. Ар бир учурдун өзүнүн Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Мелис Убукеев өңдүү чыгаан таланттуу режиссерлору; Бакен Кыдыкеева, Сабира Күмүшалиева, Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов сындуу көптөгөн актер жана актрисалары болду. Азыр ар бир фильм теледен, кинотеатрлардан жүргөн сайын эми жаңы көрүп жаткандай кызыгуу, эмоция менен, андан да күчтүү айтканда көзү өтүп кеткен актерлорубузду сагынуу менен көрөбүз, режиссерлорубузга таазим кылабыз. Алардын өмүрлөрү кино тарыхында, өздөрү жараткан, аткарган чыгармаларында уланып жатканынан каниет алабыз.
Ооба, тарыхка кайрылбай, өткөндү эске албай эч нерсе айтуу мүмкүн эмес. "Саякбай" тасмасын көрүп отуруп доорлор жаңырганда да көөнөрбөгөн өнөрдүн, улуу касиеттин ээси сейрек талант Саякбай Каралаевдин бейнесине арналган алыскы тарых беттерин барактаган сүртүмдөр элестей түштү. Бул фильм кыска убакыттын ичинде (бир саатта) улуу инсандын өмүрүнөн кайталангыс сүртүмдөрдү тартуулаган, тарыхый учурларды көз ачып-жумганча алыскы убактарга алып барып келген, адамдын акыл туюмунун эскерүүсү аркылуу чагылдырууга жетишкен чеберчилик, изденүү менен тартылгангандыгы сезилип турат. Фильмдин сценарийи, окуянын жүрүшү сюжеттик композициялык түзүлүшү, эпикалык ой жүгүртүүнүн алкагынан чыккан деп айтаар элем. "Манас" эпосунун темасына кайрылганда, эпостун жаратманы Саякбайдай улуу феномендин бейнесин ачып берүү, ал киши тууралуу фильм тартууга эпикалык ой жүгүртө алган адам керек эле. Эпостун жана эпикалык адамдын табиятын ошондо гана таануу мүмкүн. Ал эми актерлор эл билген Саякбайдай, Чыңгыздай улуу адамдардын ролун чагылдыруусу татаал ойлондура турган маселе да. Ролду ойногонго бел байлоого батынуунун өзү эрдик. Ушул алкактан чыкканда "Саякбай" тасмасы мыкты тартылган. Режиссер мына ушундай маанилүү учурларды ийине жеткире иштей алган. Буга чейинки Болот Шамшиевдин манасчылык өнөр, чыгармачылык процесс, айтуучулук искуссво тууралуу тартканы; Мелис Убукеевдин илимий-теориялык, даректүү фильмдери укмуш чыккан. Адатта чыгармачыл адамдардын чыгармачылыгынан сырткары, анын өмүр таржымалы, жашоосу, тагдыры дагы элди өтө кызыктырат.
Фильм манасчыны элине кайрып келгендей эле болду
Кыргыз фольклористика илиминде, анын ичинде эпостаанууда опол тоодой ордун тапкан Саякбай Каралаев тууралуу тасма кайра бир ирет манасчыны элине кайрып келгендей эле болду.
Үлкөндөрдүн диалогу. Үч залкар
Таланттар тобу менен келет дегендей бул фильмде циклдик бир ой бар. Манасчынын түшүндө аян берип, Бакай, Манас баш болгон баатырлары колдоп, Каныкейдей эненин колунан даам сыздырып, манасчылыкка жолу ачылып жатса, кийин Саякбай планетанын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын даңгыр жолунун ачылышына бата берип: "Мен ак батамды бердим, калганын ошол казак бүтүрөт", — деп казактын улуу окумуштуусу, казак, кыргызга тең окумуштуу Мухтар Ауэзовго табыштап жатат.
Мухтар Ауэзов — "Манас" эпосунун поэтикасын биринчилерден болуп изилдеген, дүйнө окумуштууларына таанынткан чоң окумуштуу. Бул диалог, бир сөз бир эпоханын үч улуу инсанынын чыгармачылыктагы, "адамзаттык улуу маданияттын, руханияттын азыгын толуктаган феномендердин" башын кошуп жатпайбы. Бул фильмдин маңызынын тереңдиги ушунда. Менимче, бул соңку жылдардыгы кыргыз кинемотографиясынын тарыхын толуктаган мыкты фильм болот деп ишенем.
Бул фильмдин жаралуусунда режиссердун, музыкасын келиштире жазган композитордун, актердун чеберчилигине, профессионалдуулугуна таазим!