БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Финляндиянын президенти Саули Ниинисте менен биргеликте маалымат жыйын өткөрүп жаткан учурда сары чачтуу эки кабарчы айымды чаташтырып алды. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады.
Билдирмеге караганда, суроо-жооп учурунда Финляндиянын президенти кабарчыга сөз берген, бул учурда Трамп "кайра элеби? Сиз кайра-кайра эле бул айымга суроо узатууга мүмкүнчүлүк бере бересизби" деп билдирген.
"Жок, бул башка айым", — деп Ниинисте жооп берген.
THIS. The Finnish journalists @potus had trouble telling apart. They are def. 2 diff. people. So glad I met @maria_annala + @vilenpaula. pic.twitter.com/gthZWwiiJa
— Lisa Desjardins (@LisaDNews) 28 августа 2017 г.
Ал эми кабарчы болсо алардын өлкөсүндө сары чачтуулар көп экенин айтып, жылмайган.
Телеканалдан белгилешкендей, бул көрүнүш залды кыраан каткырыкка салган.
Маалымат жыйынга катышкан PBS NewsHour теледолбоорунун кабарчысы өзүнүн Instagram баракчасына кесиптеши менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, экөө такыр окшош эместигин белгилеген.