Кыргызстандагы эң жаш мугалим: мектепке чыдаган адам башка ишти жөн эле алып кетет

© Фото / Арген БаталиновУчитель школы-гимназии №4 Бактыбек Таалайбеков
Учитель школы-гимназии №4 Бактыбек Таалайбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Кыргызстандагы эң жаш мугалим менен тааныштырабыз. Ал жашы жете элек кезинде мектепке жумушка орношуп өзү теңдүү балдарды окуткан.

Бактыбек Таалайбеков 1993-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Жээк айылында туулган. Ал 17 жашында физика сабагынан мугалим, 19 жашында мектептеги тарбия иштери бөлүмүнүн башчысы болууга жетишкен. 2015-жылдан бери Ысык-Ата районунун билим берүү мекемесинде аталган бөлүмдү жетектеп, №4 мектеп-гимназияда окутуучулук кызматты аркалайт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМугалим Бактыбек Таалайбеков: мектепте физика мугалими жок болчу. Өзүм физиканы терең үйрөнүп космос ааламын ачуу жана асман телаларын окууга аябай кызыкчумун
Учитель школы-гимназии №4 Бактыбек Таалайбеков - Sputnik Кыргызстан
Мугалим Бактыбек Таалайбеков: мектепте физика мугалими жок болчу. Өзүм физиканы терең үйрөнүп космос ааламын ачуу жана асман телаларын окууга аябай кызыкчумун

— 17 жашыңызда кантип мугалим болуп калганыңыз баарыбызга кызык болуп жатат.

Окутуучулардын арасында өткөн сынактын жыйынтыгында Ош шаарындагы Жетиген мектеп-лицейинин химия мугалими Айжан Абдувапова мыкты деп табылып, ага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев Daewoo-Matiz унаасынын ачкычын тапшырды - Sputnik Кыргызстан
Ошто жылдын мыкты мугалимине Daewoo Matiz белек кылынды
— Буга окууда жетишкен ийгиликтерим себеп болду окшойт. Бир чети мектепте физика мугалими жок болчу. Өзүм физиканы терең үйрөнүп космос ааламын ачуу жана асман телаларын окууга аябай кызыкчумун. Өзүмдү сынап көрөйүн деп 7-класстан кийин коңшу айылдагы орус тилинде окуткан мектепке которулуп, үч жыл билим алдым. 11-классты өз айылымдан аяктадым. Анан Кыргыз улуттук университетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырдым. Окуу жайдын контрагын айыл өкмөт төлөп бермей болду. Ошентип 2010-жылы окууну бүтөөрүм менен эле кайра өзүм окуган Кычан Жакыпов атындагы мектепте иштеп калдым.

— Бул ишти алып кете албай калам деп корккон жоксузбу?

— Күнүгө кечинде өткөн тема менен алдыдагы өтө турчу темаларды салыштырып, кошумча китептерди окуп даярданып барам. Баштагандан кийин таштабайын деп катуу аракет кылдым. Анан да моюндагы жоопкерчиликти сезип, жаш болсоң да олуттуу болуп калат экенсиң. Себеби балдарга үлгү болушуң керек.

© Фото / Арген БаталиновМугалим Бактыбек Таалайбеков: күнүгө кечинде өткөн тема менен алдыдагы өтө турчу темаларды салыштырып, кошумча китептерди окуп даярданып барам
Мугалим Бактыбек Таалайбеков: күнүгө кечинде өткөн тема менен алдыдагы өтө турчу темаларды салыштырып, кошумча китептерди окуп даярданып барам - Sputnik Кыргызстан
1/4
Мугалим Бактыбек Таалайбеков: күнүгө кечинде өткөн тема менен алдыдагы өтө турчу темаларды салыштырып, кошумча китептерди окуп даярданып барам
© Sputnik / Табылды КадырбековБактыбек Таалайбеков: жаш болсоң да олуттуу болуп калат экенсиң. Себеби балдарга үлгү болушуң керек
Бактыбек Таалайбеков: жаш болсоң да олуттуу болуп калат экенсиң. Себеби балдарга үлгү болушуң керек - Sputnik Кыргызстан
2/4
Бактыбек Таалайбеков: жаш болсоң да олуттуу болуп калат экенсиң. Себеби балдарга үлгү болушуң керек
© Фото / Арген БаталиновБактыбек Таалайбеков: Жаңыдан иштеп баштаганда 1000 сом айлык алчумун. Эки жылдан кийин окуу тарбия бөлүмүнө которулганымда 5-6 миң сомго көтөрүлдү.
Бактыбек Таалайбеков: Жаңыдан иштеп баштаганда 1000 сом айлык алчумун. Эки жылдан кийин окуу тарбия бөлүмүнө которулганымда 5-6 миң сомго көтөрүлдү. - Sputnik Кыргызстан
3/4
Бактыбек Таалайбеков: Жаңыдан иштеп баштаганда 1000 сом айлык алчумун. Эки жылдан кийин окуу тарбия бөлүмүнө которулганымда 5-6 миң сомго көтөрүлдү.
© Фото / Арген БаталиновБактыбек Таалайбеков: Окуу менен эле чектелбей оюн-зоок кечелерин да уюштуруп жаттык. Ошондой эле өзүм көргөн уруш, кыйкырыктарды окуучуларыма жасабаганга аракет кылам.
Учитель школы-гимназии №4 Бактыбек Таалайбеков - Sputnik Кыргызстан
4/4
Бактыбек Таалайбеков: Окуу менен эле чектелбей оюн-зоок кечелерин да уюштуруп жаттык. Ошондой эле өзүм көргөн уруш, кыйкырыктарды окуучуларыма жасабаганга аракет кылам.
1/4
Мугалим Бактыбек Таалайбеков: күнүгө кечинде өткөн тема менен алдыдагы өтө турчу темаларды салыштырып, кошумча китептерди окуп даярданып барам
2/4
Бактыбек Таалайбеков: жаш болсоң да олуттуу болуп калат экенсиң. Себеби балдарга үлгү болушуң керек
3/4
Бактыбек Таалайбеков: Жаңыдан иштеп баштаганда 1000 сом айлык алчумун. Эки жылдан кийин окуу тарбия бөлүмүнө которулганымда 5-6 миң сомго көтөрүлдү.
4/4
Бактыбек Таалайбеков: Окуу менен эле чектелбей оюн-зоок кечелерин да уюштуруп жаттык. Ошондой эле өзүм көргөн уруш, кыйкырыктарды окуучуларыма жасабаганга аракет кылам.

— Жаш мугалим менен окуучулардын тил табышуусу да оңой болбосо керек?

— Албетте башында көнө албай жүрдүм. Өзүңдү окуткан мугалимдер менен кесиптеш болуп, тең тайлаш балдарга сабак берүү кыйын болду. Бирок ага карабай бат эле окуучулар менен тил табыша алдым. Кээде окуучуларда үй-бүлөлүк көйгөйлөр жаралып калат. Чоң класстарда сүйүү тууралуу маселе жаралышы мүмкүн. Алардын баарын түшүнүү менен кабыл алып, ачык сүйлөшүүгө чакырдым. Окуу менен эле чектелбей оюн-зоок кечелерин да уюштуруп жаттык. Ошондой эле өзүм көргөн уруш, кыйкырыктарды окуучуларыма жасабаганга аракет кылам. Алар да "улуулар менен ачык сүйлөшүүдөн тартынабыз, сизге баарын айта беребиз" деп калышчу. Мындан улам окуучулардын сабакка кызыгуусуна жаш мугалимдин да таасири болоруна ишенип калдым. 

© Фото / Арген БаталиновБактыбек Таалайбеков: кээде окуучулардын үй-бүлөлүк көйгөйлөрү жаралып калат, чоң класстардын сүйүү тууралуу маселеси болуп калышы мүмкүн. Баарын түшүнүү менен кабыл алып ачык сүйлөшүүгө чакырам
Учитель школы-гимназии №4 Бактыбек Таалайбеков - Sputnik Кыргызстан
Бактыбек Таалайбеков: кээде окуучулардын үй-бүлөлүк көйгөйлөрү жаралып калат, чоң класстардын сүйүү тууралуу маселеси болуп калышы мүмкүн. Баарын түшүнүү менен кабыл алып ачык сүйлөшүүгө чакырам

— Сизди көрүп мугалим экениңизге таң калгандар болобу?

— Ооба, азыр деле сендей жаш мугалимдер барбы деп таң калып сурагандар болот. Мурда мектептер аралык иш-чараларга барганда окуучулар "агай, агай" деп жатышса "сен мугалимсиңби?" деп ишенбей карап калышчу.

— Мектепте канча жыл иштедиңиз?

— Беш жыл жетектеген класстагы окуучулардын акыркы коңгуроодо "биз агайыбызды бул жакка калтырбай өзүбүз менен кошо алып кетебиз" деген сөзү аябай таасир берди. Анан ошол эле жылы августта райондук билим берүү мекемесине иштөөгө чакыруу түштү. Негизи мектептен кетем деген оюм жок болчу. Балким жанагы окуучуларымдын айткан сөзү таасир эткендир, айтор райондун чакыруусун кабыл алдым. 

© Фото / Арген БаталиновБактыбек Таалайбеков: албетте башында көнө албай жүрдүм. Өзүңдү окуткан мугалимдер менен кесиптеш болуп, тең тайлаш балдарга сабак берүү кыйын болду. Бирок ага карабай бат эле окуучулар менен тил табыша алдым
Учитель школы-гимназии №4 Бактыбек Таалайбеков - Sputnik Кыргызстан
Бактыбек Таалайбеков: албетте башында көнө албай жүрдүм. Өзүңдү окуткан мугалимдер менен кесиптеш болуп, тең тайлаш балдарга сабак берүү кыйын болду. Бирок ага карабай бат эле окуучулар менен тил табыша алдым

— Мугалимдин айлыгы ич жылытарлык эмес экени баарыбызга маалым…

Париж шаарында жашап, Франциянын улуттук институтунда метрология жаатында эмгектенген мекендешибиз Алмазбек Иманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Физик Алмазбек Иманалиев: Францияда атомдордун кванттык касиетин изилдедим
— Бардык нерсени кичинеден башташ керек да. Менин оюмча мектепке чыдаган адам башка ишти жөн эле алып кетет. Жаңыдан иштеп баштаганда 1000 сом айлык алчумун. Эки жылдан кийин окуу тарбия бөлүмүнө которулганымда 5-6 миң сомго көтөрүлдү. Мектепте иштөө жашоо-шартыма туура келген. Мен айлыкка деле кызыккан эмесмин, эртең менен мектепке барсам, түштөн кийин үйгө келип чарба иштерине кеңири жетишчүмүн. Учурда деле эки жактан биригип 10 миңге жетпеген айлык чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0