БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Ош шаарынын Учар айылында "Араван-Ак-Буура" каналына 19 жашатагы бала агып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, окуя тууралуу шаардык куткаруу кызматына 20-август күнү эртең мененки саат 8.30да маалымат келип түшкөн.
Издөө иштеринин натыйжасында саат 16.10дө сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.