Индиядагы катуу нөшөр Ассам штатындагы 2,5 миңден ашуун айыл-кыштакты сууга чылады. Кырсыктын кесепетинен эки миллиондон ашуун киши үй-жайсыз калган.
23-24-сентябрда Австралиянын борбору Сидней шаарында орто кылымдагы жоокердик өнөр боюнча дүйнө чемпионаты өттү.
Барселонанын тургундары терактыдан каза болгондорду эскеришти.
Индиянын Уттар-Прадеш штатында поезд темир жолдон чыгып кетип, кырсыктан 20 киши набыт болду, дагы 150дөй адамдын жаракат алганы айтылууда.
Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугуп, чек ара маселесин талкуулады.

Персеиданын метеориттик "жамгыры" маалындагы жылдыздуу асман. Краснодар крайы

Түркиянын Стамбул шаарындагы эл аралык уюмдун эт жебей жашоого чакырган акциясындагы активист кыздары

Астралияда өтө турган орто кылымдагы жоокердик өнөр боюнча дүйнө чемпионатынын катышуучулары сүрөткө түшүүдө. Мелдеш 23-24-сентябрь күндөрү Сидней шаарында болот

Барселонадагы терактыдан каза болгондор үчүн тургузулган мемориалга эл чогулууда. Бейшемби күнү аталган шаарда бир нече теракт катталып, андан 14 киши каза тапкан. Дагы 130дай киши ар кыл жараат алганы белгилүү болгон

Афганистандын Кабул шаарындагы үйлөрдө ойноп жаткан кыздар

Индиянын түндүк-чыгышынданы Казиранга улуттук паркынан табылган жолборстун сөөгү. Катуу нөшөр Ассам штатындагы 2,5 миңден ашуун айыл-кыштакты суу алдына калтырды. Кырсык кесепетинен эки миллиондон ашуун киши үй-жайсыз калган

Индиянын Уттар-Прадеш штатында поезд темир жолдон чыгып, кырсыктан 20 киши набыт болду, дагы 150дөй адамдын жарадар болгону айтылууда

Малайзиянын Куала-Лумпур шаары жамгыр маалында

Москвада Red Bull Flugtag 2017 деп аталган колго жасалган учуучу аппарат фестивалынын катышуучусу трамплинден секирүүдө

Швециянын Вэрмланд провинциясынан байкалган ак багыш. Жаныбардын бул түрү өтө сейрек кездешет

Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугушуусу. Сүйлөшүүнүн натыйжасында тараптар утурумдук келишимдин долбооруна мамлекеттик чек аранын 84 пайызын киргизүүнү макулдашты

Индиянын туусун көтөргөн кыз өлкөнүн көз карандысыздык майрамында. Индиянын Британ империясынын карамагынан бошотулганына 70 жыл толду

Августтан бери Грецияда токой өртү күч алгандыктан бийлик жашоочуларды эвакуациялады

Индиянын Нью-Дели шаарында кичинекей бала желим бөтөлкө чогултуп жатат

Жума күнү "Тунгуч" театрында "Ак илбирс" постановкасынын бет ачары жабык өттү. Иш-чара ак илбирсти коргоо боюнча өтө турган эл аралык форумга арналган

Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын аскерий жетекчилер менен жолугуу учурунда

"Россия айымы — 2017" сынагынын жеңүүчүсү Полина Диброва

Филиппиндеги баңгизатка каршы рейддердин жүрүшүндө өлтүрүлгөн кишинин жанындагы тургундар

Парапланеризм боюнча Россия чемпионатынын катышуучулары. Ставраполь аймагы

Кытайдын Хунань провинциясындагы ачуу калемпир жегендердин мелдеши

Ливандын борборунун түндүк тарабында жайгашкан Дбайех шаарында ич кийимдердин жаңы коллекциясы тартууланды
