Өзбекстан премьери: кызыкчылыктарын эске алып, КР менен кызматташууга даярбыз

© Sputnik / Табылды КадырбековӨзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Бишкектеги мамлекеттик чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны учурунда
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Бишкектеги мамлекеттик чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстан өкмөт башчысы кыргыз премьери менен жолукканда мамлекеттер ортосундагы байланышты бекемдей турган бир нече сунуштарды киргизди.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстан Өзбекстандын эзелки өнөктөшү деп айтты өзбек премьери Абдулла Арипов мамлекеттик чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйынында.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев жана Путин телефон аркылуу сүйлөштү
"Кыргызстан биздин эзелтеден ирегелеш жашап келген ишенимдүү өнөктөшүбүз. Салтыбыз бир, тагдырыбыз бири-бирибиз менен байланышкан. Өзбекстан коңшулар, албетте анын ичинен Кыргызстан менен ачык, достук маанайдагы алака-катнашты каалайт. Кызыкчылыктарды эске алган, жакшы маанайдагы мамилеге даярбыз", — деди Арипов.

Премьер Өзбекстандын бир катар шаарларында кыргызстандык продукциялардын көргөзмөлөрүн уюштурууга, ошондой эле иш-чараларды Кыргызстанда да өткөрүүгө кызыкдар экендигин айтты.

"Быйыл Кыргызстандын маданий күндөрүн Өзбекстанда, ал эми кийинки жылы Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштайм. Андан сырткары, кино жумалыктарды уюштуруу үчүн фильмотека алмашышыбыз керек экен", — деди ал.

Арипов эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуу жарым жылдын жыйынтыгында кадыресе өскөндүгүн, 2017-жылдын соңунда эки эсе жогорулай тургандыгына үмүт артаарын айтты.

Өзбекстан премьери мамлекеттик чек араларды делимитация жана демаркация кылуу ийгиликтүү өтөт деген ишенимин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0