БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Барселонанын чок ортосунда кичи автобус тебелеп кеткен 13 адам каза болду. Бул тууралуу Cadena Ser радиосу ttp://cadenaser.com/ өздүк булактарына таянуу менен билдирди.
#LasRamblas Barcelona… pic.twitter.com/FpjqZngIpI
— Andrew Funk (@andrewfunkspain) 17 августа 2017 г.
Полиция каза болгондор бар экенин ырастаганы менен алардын так санын айта элек. Укук коргоо органдары бул окуяны теракты деп атады.
Algo que jamás debemos ver en ninguna ciudad en ninguna parte del mundo. #LasRamblas pic.twitter.com/3bAee2z8bz
— Andrew Funk (@andrewfunkspain) 17 августа 2017 г.
Теракты туристтердин популярдуу жайы болгон Каталония аянтында катталган. Жергиликтүү ЖМКлар трагедияга айыпкер эки куралчан киши ресторанга кирип ичиндеги адамдарды барымтага алганын жазууда.
Учурда окуя болгон жерди полиция курчоого алып дүкөн, метролор жабылган. Тез жардам кызматы келип жаракат алгандарга тиешелүү жардамдарды көрсөтүп жатат.