БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Бишкекте ири жол кырсыгы катталып, бир адам каза болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына күбө билдирди.
Анын айтымында, беш унаа Манас проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде кагышкан.
Тез жардам кызматы аталган дарек боюнча чакыруу түшкөнүн тастыктады.
"Чакыруу болжол менен саат 7.00дөр чамасында келип түштү. 40 жаштагы киши Тез жардам жеткиче көз жумган. Калгандары оор жаракат алган эмес", — деп агенттиктин маектеши айтып берди.
Учурда Бишкек шаардык Кайгуул милиция башкы башкармалыгы кырсык тууралуу маалыматты тактап жатат.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.