БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Акыркы эки күн ичинде 45 жаштагы аял менен 19 жаштагы бала сууга чөгүп каза болгонун ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Биринчи кырсык Ысык-Көл районунун Бает айылында 12-август күнү "Вавилон" эс алуу жайында болгон. Окуянын эртеси эртең менен ӨКМдин куткаруучулары жаш жигиттин сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине тапшырган.
Ал эми кечээ Чоң Чүй каналынан чөгүп кеткен 40-45 жаштагы европа тегиндеги аялдын сөөгүн куткаруучулар таап чыгып, аны да милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.