БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кечээ Жети-Өгүз менен Түп райондорунда болгон жол кырсыгы төрт кишинин өмүрүн алып кетти деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.
"9-август күнү саат 20:00 чамасында Липенка айылынын кире беришинде Volkswagen Vento үлгүсүндөгү автоунаа бакты сүзүп, ичиндеги 50 жаштагы атасы менен жети жаштагы баласы ошол жерден жан берген. Ал эми 12 жаштагы баласы оор абалда ооруканага жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.
Экинчи кырсык Түп районунун Сары-Булак айылына жакын жерде саат 20:10 чамасында болгон. Honda Stream менен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү эки автоунаа сүзүшүп, эки айдоочу тең ошол жерден мүрт кеткен.