Мектептеги окуу китептер жаңыланууда. Маселенин күңгөй-тескейи

© Sputnik / Табылды КадырбековМектеп окуучусу сабак учурунда. Архив
Мектеп окуучусу сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын бардык мектептери жаңы китеп менен камсыздалат. Алар окумуштуулардын көз кырынан өтүп, мазмуну боюнча талданат. Sputnik Кыргызстан ири долбоордун оош-кыйышын иликтеп көрдү.

Президент Алмазбек Атамбаев 7-августта Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алган. Анда жаңы окуу жылына даярдык көрүү маселелери талкууланып, министр 1-сентябрдан тарта өлкө мектептеринде 27 предметтин окуу китептери менен айрым куралдары сыноодон өтө тургандыгын кабарлаган. Sputnik Кыргызстан ири долбоордун оош-кыйышын иликтеп көрдү.

Жаңы баштала турган окуу жылда өлкө аймагындагы 56 мектептин 5-6-классынын окуучулары бардык предметтер боюнча жаңы китептер менен окуй баштайт. Бир жыл ичинде ал окуу китептери сыналып, кийинки окуу жылда сунуш-пикирлерди эске алуу менен аларды толук колдонууга берүү пландалууда.

1,5 млн. доллар акча азырынча апробация үчүн гана… башкысы мазмун

Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, китептерди жаңылоого 1,5 миллион доллар акча каражаты тартылган.

Мектеп окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окуучулардын быйыл кандай форма кие турганы айтылды
"Долбоордун алкагында Дүйнөлүк банк 1,5 миллион доллар акча каражатын бөлүп жатат. Анын негизинде эки класстын ар бир сабагына 800дөн китеп чыгарылып, жер-жерлерге жеткирилет. Окуу куралдарынын жарымы кыргыз тилинде, жарымы орус тилинде чыгарылат. Андан соң окуу процессинде пайда болгон алымча жана кошумчалар эске алынып, китептин мазмуну өзгөртүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Андан сырткары быйыл 30 инновациялык мектептин 7-9-классынын окуучулары үчүн жаңы мазмундагы китептер пилоттук негизде пайдаланууга берилет.

Министрликтин адиси Чынара Курбанованын айтымында, китептерди жаңылоо аракеттери бир нече жылга созулат.

© Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КРБилим берүү жана илим министрлигинин адиси Чынара Курбанова
Специалист Минобразования КР Чинара Курбанова - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Чынара Курбанова

"Бул иштер көп убакытты талап кылат. Мисалы, китептерди окумуштуулардын текшерүүсүнөн өткөрүп, басылмадан чыгарып жана мазмундуулугу бааланат. Ушундан кийин гана китептер көп санда чыгарыла баштайт. Учурда 5-6-класстар үчүн китептер өзгөртүлүп сентябрда ишке берүү пландалып жатат. Ошентип китептер 2018-2019-окуу жылына карата бүт бойдон толукталып берилет. Андан сырткары, 11-класска чейинки өтүлчү сабактардын китептери бар", — деди Курбанова.

Бул долбоордун алкагында окуу программалары дагы өзгөрө турганы айтылды.

Китептин тагдырын чечүүгө мугалимдердин да катышуусу зарыл

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Жанкороз Каниметов жаңы китептерди тандоодо мазмунуна өзгөчө көңүл буруу керек экендигин айтат. Анын баамында, бул жараянга окумуштуулар менен практиктер биргеликте катышуусу керек.

Сабак өтүп жаткан мугалимдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кетпечи, Дүйшөн!.. Түп көтөрүлө агай издеген айылдаштар
"Биз 90-жылдардан кийин ар кандай китептерди пайдаландык. Алардын сапаты анчалык деле жакшы болгон жок. Акыркы мезгилде сын-пикирлер дагы көп айтылып жатат. Алардын мазмуну союз мезгилинде колдонулуп келген китептерден дагы төмөндөп кеткен. Ошондуктан бул иштердин кеч болсо дагы аткарылып жаткандыгы жакшы. Мында окуу куралдарын окуучуларга ылайыктуу кылып даярдап, айрым жагдайларды эске алуу менен иштеп чыгуу керек. Анан ал иштерге окумуштуулар гана эмес, тажрыйбалуу мугалимдер да катышуусу зарыл", — деди Каниметов.

Андан сырткары, профессор мазмундуу окуу куралдарын тааныш-билиш аркылуу эмес, сынак менен тандоо керек экендигин белгилейт.

Өлкөдөгү мектептердин окуучулары үчүн иштелип жаткан китептерди Кыргыз билим берүү академиясы даярдап чыгып, ал иштер менен атайын бир бөлүм алектенүүдө.

Академиянын вице-президенти Алмазбек Токтомаметов жаңылоонун алкагында китептердин мазмуну бир топ өзгөрүүгө дуушар болду дейт.

© Фото / Кыргызская академия образованияКыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Алмазбек Токтомаметов
Вице-президент академия образования Кыргызстана Алмазбек Токтомаметов - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Алмазбек Токтомаметов

"Акыркы мезгилде окуу куралдарынын деңгээли түшүп, каталар арбын болуп кетти делген көп сөздөр айтылып келет. Буга байланыштуу азыр саналуу мектептерге сыноо катары айрым китептерди даярдап, министрликке сунуштадык. Китептер экспертизадан өтүп, окуучулардын жаш курагы өңдүү маселелер эске алынды. Ошентип отуруп окуу куралдарынын мазмуну бир топ өзгөрүүгө дуушар болуп жатат. Биз чет өлкөнүн эмес, Кыргызстандын тажрыйбасын колдонууга аракет кылдык", — деди Токтомаметов.

Ысык-көл жээгиндеги эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлгө мугалимдердин эс алуусу үчүн 400 орундуу пансионат курулат
Жаңы иштелип чыккан адабияттар окуучуларга жеткиликтүү болуусу үчүн кошумча колдонмо материалдар жана дисктер менен чыгарылат.

Ал эми өткөн жылы баштапкы класстардын окуу китептери апробацияланып, пайдаланууга берилген.

Жаңы үлгүдөгү китептерди иш жүзүндө колдонуп жаткан Ош облусунун Кара-Суу районундагы №66 мектебинин директору Гүлсүн Үсөнованын айтымында, мурдагы китептер балдардын кабыл алуусу үчүн оор болчу.

"Жаңы үлгүдөгү китептерди 2016-17-окуу жылында пайдаландык. Мазмуну боюнча жеткиликтүү жана тышкы жасалгасы да жакшы экен. Андан сырткары, сүрөт менен музыка боюнча да жаңы китептерди пайдаланып жатабыз. Буга чейинки окуу китептеринде ката арбын болуп, балдардын кабыл болуусу үчүн оор болчу", — деди Үсөнова.

Аталган долбоордун алкагында 1-класстан 11-класска чейинки 27 сабактын китептери жаңыланып, өлкө аймагындагы эки миңден ашык мектепти камтыйт. Алар акысыз берилет.

Министрликтен учурда өлкө аймагындагы мектептердин 83,6 пайызы китеп менен камсыздалгандыгын айтышты. Анын ичинде кыргыз тилдүү мектептерде китеп жетиштүү, орус мектептердин 68 жана өзбек тилдүү мектептердин 83 пайызында китептер толук.

Жаңылыктар түрмөгү
0