https://sputnik.kg/20170810/aksh-askerleri-tunduk-koreyaga-sokkuu-uruuga-dayar-turat-1034660522.html
NBC News: АКШ аскерлери Түндүк Кореяга сокку урууга даяр турат
NBC News: АКШ аскерлери Түндүк Кореяга сокку урууга даяр турат
Sputnik Кыргызстан
Эгерде АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын ракеталык объектилерин бомбалоого буйрук берсе, Пентагон өзөктүк эмес бомба таштоочу учактарын жиберет. 10.08.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-08-10T11:57+0600
2017-08-10T11:57+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103465/98/1034659819_0:197:1999:1328_1920x0_80_0_0_c5e6769ab9127fbfb965d87e16caf187.jpg
акш
түндүк корея
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103465/98/1034659819_0:71:1999:1328_1920x0_80_0_0_19ccfac4ea7634e753b91f71aa0c98cc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, жаңылыктар, саясат, акш, түндүк корея
дүйнөдө, жаңылыктар, саясат, акш, түндүк корея
NBC News: АКШ аскерлери Түндүк Кореяга сокку урууга даяр турат
11:57 10.08.2017 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Эгерде АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын ракеталык объектилерин бомбалоого буйрук берсе, Пентагон өзөктүк эмес бомба таштоочу учактарын жиберет.
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Пентагон (АКШнын коргоо министрлиги) Түндүк Кореянын ракеталык объектилерине эскертүүчү соккуларды уруу боюнча план иштеп чыкканын NBC News телеканалы өз булагына таянуу менен билдирди.
Маалыматка ылайык, сокку уруу үчүн Американын Гуам аралындагы базасында турган B-1B учагы тартылышы ыктымал. Ишенимдүү булактардын билдиришинче аталган базада май айынан бери учкучтардын машыгуулары болгон.
Телеканалдын билдиришинче учурда Гуам аралындагы аскер базасында B-1B "Lancer" үлгүсүндөгү бомба таштоочу алты учак бар.
Акыркы бир нече күндүн ичинде АКШ менен Түндүк Кореянын мамилеси дароо начарлады. Пхеньян Американын Гуам аралындагы аскер базасына кол салуу боюнча план иштеп чыкканын жарыялаган. Түндүк Корея мындай кадамга Трамп "эгер Пхеньян Американы коркута турган болсо бардык аракеттер көрүлөт" деген билдирүүсүнөн улам барган.