БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Дем алыш күндөрү — 11-августтан жана 13-августка чейин өлкө аймагында аба ырайы бузулат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, бул күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолорго кар түшөт.
"13-августта бир катар аймактарга жамгыр жаайт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет. Абанын температурасы төмөндөйт", — деп жазылат маалыматта.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.