БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкектин жүргүнчү ташуучу автотранспорттук ишканасы 103 миллион 200 миң сомго чейин 20 жаңы автобус сатып алууну көздөп жатат. Тийиштүү тендер Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.
Тендер 4-августта жарыяланган, арыз тапшыруу мөөнөтү 28-августта аяктайт. Башка документтерден тышкары, тендерге катышып жаткан компания 100 миң сомдон кем эмес келишимдери тууралуу маалымат бериши керек.
"20 автобус келишимге кол коюлган күндөн 8 аптанын арылыгында жеткирилиши керек", — деп айтылат тендердин шартында.
Муниципалдык ишкана аванс катары жалпы сумманын 20 пайызын, автобустар жеткирилигенден кийин 30 пайызын, калган каражатты үч айдын ичинде төлөп берүүгө даяр.
Бардык талаш маселелер Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде чечилмекчи.